Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архивдик сүрөт
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Жазылуу
16-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +10...+15, Таласта +12...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +5...+10, Нарын аймагында 0...-5 суук болору күтүлөт.
Күндүн табы Ош шаарында +13...+17, борбор калаада +13...+15 градуска чейин көтөрүлөт.
Бороондо бараткан адамдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Суук түшүп, кар жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0