Суук түшүп, кар жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Жоомарт УраимовБороондо бараткан адамдар. Архивдик сүрөт
Бороондо бараткан адамдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Жазылуу
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги шашылыш билдирүү таратып, кийинки жумада күн сууктай турганын эскертти.
Ага ылайык, 17-январда күндүз жана 18-19-январда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.
17-январда күндүз жана 18-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
17-18-январда Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
19-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөй турганы айтылды. 19-21-январда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6… -11, күндүз 0…-5, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6 суук, күндүз -2 сууктан…+3 градуска чейин жылып, тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10 суук, күндүз 0…-5 суук болушу күтүлөт.
20-22-январда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2 сууктан…+3 жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10, тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -6…-11, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -10…-15 суук болушу күтүлөт.
Мындай катаал аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттардагы мал кармоону кыйындатат.
Кишилер көчөдө бара жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Чыкылдаган аяз коштойт. Февралга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0