Чет жердеги жарандарды эмгекке орноштуруу борбору ишке кирди

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүРоссиянын Ростова-на-Дону терминалындагы жарандар. Архивдик сурөт
Россиянын Ростова-на-Дону терминалындагы жарандар. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Жазылуу
Өкмөттүн мындай чечим кабыл алышынын негизги максаты — эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Чет жердеги жарандарды эмгекке орноштуруу борбору түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кабарлады.
"Өкмөт Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет жердеги жарандарды эмгекке орноштуруу борборун түзүү чечимин кабыл алды", — деп айтылат билдирүүдө.
Негизги максат — эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо. Бирок аталган борбор кандай тартип менен иштээри тууралуу кенен маалымат берилген жок.
Бишкектин Жеңиш аянтындагы митинг-реквием. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
2022-жылы кыргызстандыктар дагы 9 күн катары менен эс алышы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0