Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Жоокер атасынын көздөрүнөн өөп... Казакстандык бөбөктүн элжиреткен видеосу

© Фото / пресс-служба МИД КРОюнчук менен кыз. Архив
Оюнчук менен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Жазылуу
Казакстандагы башаламандыкта ондогон адам каза таап, бир канчасы дайынсыз болууда. Көз жумгандардын арасында аскерлер жана жай жарандар да бар.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Казакстандагы митингден кийинки башаламандык жөнгө салына баштагандан тарта аскерлер туурасындагы оң маанайдагы роликтер интернетке тарай баштады.
Аталган мамлекеттин Коргонуу министрлиги ошол оор күндөрү аскердик кызматын өтөп жүрүп үйүнө келген ефрейтор Аскар Ерасыл жана анын уулу Адилеттин видеосун таратканын Sputnik Казакстан жазды.
Андан кичинекей бөбөк камфуляжчан жана каска кийип турган жоокерди кучактап, аскердик оор кийим жолтоо кылганына карабай быйтыйган колдору менен кучактап, атасынын көздөрүнөн, бетинен өөп жатканын көрүүгө болот.
Четтен караган адамды элжиреткен бул ирмемдер адамдарды баары бир жагымдуу маанайга жетелеп, көңүлдүн кирин жуугандай абалга алып келет.
Маалыматта Адилеттин эки жашта экени айтылган.
Казакстандагы башаламандыкта ондогон адам каза таап, бир канчасы дайынсыз болууда. Көз жумгандардын арасында аскерлер жана жай жарандар да бар.
Рахмат! Мекенине Бишкек аркылуу жеткен казак жарандарынын ыраазычылыгы. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Рахмат! Мекенине Бишкек аркылуу жеткен казак жарандарынын ыраазычылыгы. Видео
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучулары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Кыргызстандык тынчтык орнотуучуларды чек арада кантип тосуп алышты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0