Арыктоонун эки негизги сыры бар. Нутрициолог Атабаеванын кызыктуу маеги

© Фото / Pexels/ ROMAN ODINTSOVМашыгып жаткан аял. Архив
Машыгып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Жазылуу
Акыркы учурда ашыкча салмактан арылуу да көйгөйгө айлангандай. Көпчүлүк тез эле арыктап, өзү каалаган салмакта болууну каалашат. Бирок бул жаңылыштык экенин диетологдор эскертип келишкен.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде мейманда нутрициолог Гүлайша Атабаева болуп, салмак таштоодогу өзүнүн жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп кетти.
© Sputnik / Асель СыдыковаАтабаева: нутрициологияда аты айтып тургандай эле эч кандай дары-дармек сунушталбайт. Баары табигый болушу керек
Нутрициолог Гульайша Атабаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Атабаева: нутрициологияда аты айтып тургандай эле эч кандай дары-дармек сунушталбайт. Баары табигый болушу керек
— Акыркы убакта туура тамактануу боюнча ар кандай марафондорду байма-бай өткөрүп келесиз. Буга эмне түрткү болду?
— Ооба, мезгил-мезгили менен 21 күндүк марафон өткөрүп жатам. Ага көбүнчө салмак таштоодон арыла албай жаткан кыз-келиндер катышууда. Негизи туура тамактануу марафон учурунда эле сакталбастан, жашоо образы болуп калса деген тилек бар. Анткени адам канчалык салмак кошкон сайын ошончолук жармашкан оорунун саны да көбөйөт экен. Бара-бара өнөкөт илдетке айланып кеткени да бар. Салмак таштоо боюнча өзүм да абдан издендим. Бир жыл мурда эле сиздердин студияга келип, ЭКУ жасатуу туурасында да маек берип кеткем. Анда өз башымдан өткөн окуялар менен бөлүшкөм. Ошол кезде өзүм ЭКУ жасатып жүрүп салмагым 85-90 килограммга чейин чыкты. Ал эми боюм болгону 1,62 сантиметр. Ошондо ашыкча 30 килограмм салмакты көтөрүп жүрдүм. Анан дюкан, интервалдуу ачкалык өңдүү диеталардын баарын кармап көрдүм. Башында бир аз салмак таштап, анан кайра эле мурункудан көп салмак кошуп алчумун.
Кийин туура тамактанууга өтүп, атайын рацион түзүп 25 килограммдан көбүрөөк салмактан арылдым. Кайра толгон жокмун. Кийинчерээк мага арыктоо көйгөйү менен кайрыла башташты. Ушундан улам марафон уюштурууну колго алдым. Ага катышкан кыз-келиндердин арасында менден да көп салмак таштагандар болду. Арыктоонун эки эле сыры бар — ал туура тамактануу жана кыймыл.
— Кандай ыкмаларды сунуштайсыз?
— Мага кат жазгандардын көбү "капсула сатасызбы?" же "эмне дары сунуштайсыз?" деп сурашат. Нутрициологияда аты айтып тургандай эле эч кандай дары-дармек сунушталбайт. Баары табигый болушу керек. Биздин шартка ылайык, туура тамактануу аркылуу организмге жаккан тамак-аш менен гана салмак таштоого болот. Айрым диетологдор тропикалык жемиштерди да рационго кошуп берерин уктум. Бирок мен муну туура көрбөйм. Нутрициологияда калория, белок, углеводду чогуу алып кетүү керек. Мисалы, белок этте, жумурткада жана быштакта болсо, биздин организмге керектүү углеводду гречкадан, чечевицадан жана картошкадан алсак болот. Арыктоону каалагандарга гречка миңдин бири. Ал адамды ток да кармайт.
Ошондой эле тамак рационунда суунун да өлчөмү болушу шарт. Ар бир килограмм салмакка 30 миллилитр суу туура келет. Марафонго катышкандарга "салат көп жегиле" деген кеңеш берем. Тамакты нык тоюп жегенге болбой турганын баарыбыз эле билебиз. Марафондун катышуучуларына аз-аздан жана бат-баттан тамактануу үчүн беш маал рацион түзүлгөн. Негизи адамдын ашказаны 400 эле грамм, аны биз төрт килограммга чейин чоюп салабыз.
Ошондой эле арыктоодо кыймыл да маанилүү. Ар кандай арыктатуучу таблеткалардын зыяны көп. Аны ичкенде адам ачка-тогун билбей жүрө берип, организмди стресске кабылтышы ыктымал.
© Фото / предоставлено Гульайшой АтабаевойАтабаева: айрым диетологдор тропикалык жемиштерди да рационго кошуп берерин уктум. Бирок мен муну туура көрбөйм
Нутрициолог Гульайша Атабаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Атабаева: айрым диетологдор тропикалык жемиштерди да рационго кошуп берерин уктум. Бирок мен муну туура көрбөйм
— Сиздин жеке тажрыйбаңыз менен түзүлгөн туура тамактануу рационун колдонуп канча килограммга чейин салмак таштагандар болду?
— Мен берген туура тамактануу рационун толук, так кармаган кыз-келиндердин арасында бир айда 10 килограммга чейин салмак таштагандар бар. Ал эми айрымдар корпоративге же кафеге барганда рационду бузуп коюшат. Спирт ичимдигин да ичип койгондор болот. Ичимдик абдан калориялуу келет. Ошондой эле канча көлөмдө ичилбесин, ал ден соолукка терс таасирин берет. Алкоголдун артынан майлуу тамак жегенге болбойт. Анткени ичимдик ашказанды бат иштетип, тамактар тездик менен эки эли ичегиге өтөт. Мындай учурда ал майларды сиңирип үлгүрбөйт.
— Негизи диетологдор аз убакыттын ичинде арыктоо организмди стресске кептейт деп айтышат го...
— Организмди өтө чоң калориялык дефицитке дуушар кылып койсо, анда стресс болот. Рационго углевод, белок, суусундук, бардык калориялуу тамактарды ченеми менен бекитебиз. Өзүм ушул рационду колдондум.
— Толуп кетүүнүн негизги себеби эмнеде? Ага стресс, депрессия, уйку, тамак-аш, социалдык абал да таасир этиши мүмкүн да...
— Бизде малдын эти абдан көп колдонулат. Кыргыздар этсиз тамак жей албайбыз. Ал ашказанга оор келет. Этти ашказан толук сиңиргенче эле сегиз-он саат убакыт талап кылынат. Ал эми биз ошончо убакытка чейин күтүп отурбайбыз да. Үч сааттан кийин эле кайра тамактанабыз. Ошентип жеген тамагыбыздын килокалориясы толук сиңирилип, энергия сарпталбай туруп эле кайра үстөкө-босток тамак иче беребиз.
Экинчиден, биздин кыз-келиндер депрессияга көп кабылат. Алар маанайы жок учурда таттуу же башка калориялуу тамактарды жеп, өзүн алаксытууну адат кылып алышкан. Көбү күйөөсү менен урушса же жумуштан жагымсыз бир учурга туш болсо стрессти тамак-аш менен чыгарганга аракет кыларын айтышат. Бул өтө туура эмес. Кыз-келиндерге айтарым, капа болгон учурда мурун менен ичти көздөй терең дем алып, кайра ооз менен абаны сыртка чыгарып беш-он мүнөттөй кайталап турса адам стресске түшпөйт. Же жактырган музыкасын коюп бийлеп алса да терс энергия чыгып кетет. Аны убагында чыгарып салган жакшы. Стресс аң-сезимге терең жайгашып алса адам түнт тартып кетет же андан арыла албай көпкө кыйналат.
Анан да куурулган эмес, бууга бышкан тамактарга көңүл бурсак. Негизи кыргыздар кечкисин күчтүү тамак жеп туруп, жатып алабыз. Жок дегенде жарым саат ары-бери басып, кыймылда болушубуз керек.
Мага аялдар эле эмес, эркектер да кайрылышат. Бирок алар тартынчаак болушат. Топ менен эмес, жекече иштешүүнү каалашат. Диетага отурганда баары тең биринчи айда жакшы жыйынтык көрсөтүшөт. Экинчи айда бир аз кыйыныраак болот. Анткени организм да коргонуп баштайт.
© Фото / предоставлено Гульайшой АтабаевойАтабаева: адамдын ашказаны 400 эле грамм, аны биз төрт килограммга чейин чоюп салабыз
Нутрициолог Гульайша Атабаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Атабаева: адамдын ашказаны 400 эле грамм, аны биз төрт килограммга чейин чоюп салабыз
— Туура тамактануу салмак таштоого эле эмес, ден соолукка кам көрүү, туура ой жүгүртүү, сергек жашоо үчүн да керек эмеспи...
— Ооба, мага эне болууга камылга көргөн келиндер да кайрылышат. Мында "детокс" программасынын жардамы менен организмди тазалайбыз. Организмде уулуу заттар аз болсо, аял киши кош бойлуу кезде токсикоз болбойт. Негизи кыргыздардын он эле пайызы туура тамактануу эрежелерин кармашат. Бул өтө аз.
— Айрымдардын кайсы бир тамак-ашка же жемишке аллергиясы болушу мүмкүн. Рационун түзүп жатканда бул жагын эске аласызбы?
— Ооба, аллергиясы барлар да кездешет. Алгач организмди тазалап алуу керек. Анан адамдын эмнеге аллергиясы бар экенин аныктоо абзел. Ушундан кийин гана ар бир кишинин өзүнүн салмагына, боюна жараша рацион түзүлөт. Мисалы, мен күнүнө 1 500 килокалориядан ашырбай тамактанам. Эртең менен 500 килокалория тамак жей албайм. Демек түшкү тамакка басым жасалат. Анан тамактанган соң ошол калорияны кыймыл менен сыртка чыгаруу абзел.
— Сиздерге салмак кошо албаган адамдар да кайрылабы?
— Ооба. Менин жеке тажрыйбамдан алып караганда, салмак кошо албагандардын да, салмактан арыла албаган адамдын да өтүндө көйгөй бар. Бирок бул генден да болушу мүмкүн. Алар алгач дарыгерге кайрылып, текшерилип, себебин так билиши керек.
Кышында ысык чай ичип аткан кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Үшүк алганда ысык нерсе басууга же ысык ичүүгө болбойт. Пайдалуу маек
Жаңылыктар түрмөгү
0