Кыргызстанда окуучулар арасында беш предмет боюнча олимпиада өтөт. Убактысы

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМектеп окуучулары. Архив
Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Жазылуу
Олимпиаданын биринчи этабына жалпы билим берүү уюмдарында окуган бардык окуучулар катыша алары айтылды. Аларга бир нече предметтен олимпиадага катышуу укугу берилген.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. 15-январда Кыргызстанда математика, физика, биология, химия жана информатика сабактары боюнча улуттук олимпиада башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, билим берүү жаатындагы иш-чара өлкөдө командаларды түзүп, аларды аталган беш предмет боюнча эл аралык олимпиадаларга даярдоо максатында өткөрүлмөкчү.
"Жарыш жыл сайын төрт этапта уюштурулуп келет. I этап январда, экинчиси февралда өтүп, экөө тең онлайн болот. Ал эми март менен апрелде өтчү эки этап кадимки тартипте уюштурулат", — деп айтылат маалыматта.
Олимпиаданын I этабы онлайн-режимде төмөнкү график боюнча өткөрүлөт:
Химия боюнча – 15-январь (саат 10:00дөн 13:00гө чейин), 16-январь (саат 10:00дөн 13:00гө чейин);
Физика боюнча – 22-январь (саат 10:00дөн 13:00гө чейин), 23-январь (саат 14:00дөн 17:00гө чейин);
Информатика боюнча – 22-январь (саат 14:00дөн 18:00гө чейин), 23-январь (саат 09:00дөн 13:00гө чейин);
Математика боюнча – 29-январь (саат 14:00дөн 18:00гө чейин), 30-январь (саат 09:00дөн 13:00гө чейин);
Биология боюнча – 29-январь (саат 10:00дөн 13:00гө чейин), 30-январь (саат 14:00дөн 17:00гө чейин).
Олимпиаданын 1-этабына жалпы билим берүү уюмдарында окуган бардык окуучулар катыша алары айтылды. Аларга бир нече предметтен катышуу укугу берилген.
Олимпиада тууралуу толугураак маалыматты төмөндөгү расмий сайттардан алууга болот:
физика;
химия;
математика;
информатика;
биология.
Математика сабагы. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2021
Кыргызстандык балдар Македония олимпиадасында 9 медаль утту
Жаңылыктар түрмөгү
0