Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Алматыда 4 жашар кызга ок тийип көз жумганы тастыкталды

© REUTERS / PAVEL MIKHEYEVАлматыда күйүп кеткен жүк ташуучу унаанын жанында укук коргоо кызматкери
Алматыда күйүп кеткен жүк ташуучу унаанын жанында укук коргоо кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Жазылуу
15 жана төрт жаштагы бир тууган кыздар бараткан автоунаага ок жааган.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Алматыдагы атышуу маалында төрт жашар кызга ок тийип каза болду. Бул туурасында Sputnik Казакстан балдар акыйкатчысы Аружан Саинге таянуу менен жазды.
Каргаша 7-январь күнү Сайфуллин жана Сартпаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"15 жана төрт жаштагы бир тууган кыздар бараткан автоунаага ок жааган. Сиңдиси жеринде мерт болуп, эжеси октон жаракат алып ооруканага жеткирилген. Ага операция жасалып, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат", — деген акыйткатчы.

Мындан сырткары, ошол эле күнү дагы бир сегиз жаштагы кыз октон жаракат алган.
Ушуну менен Казакстандагы башаламандыктан эки жаш баланын каза болгону, үчөө жаракат алганы расмий тастыкталды. Буга чейин 11 жаштагы баланын окко учканы кабарланган.
Белгилей кетсек, башаламандык учурунда күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгон. Ал эми митингге катышкан жарандардын арасындагы жоготуулар боюнча маалымат бериле элек.
Алматы шаары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Алматыда телеканалдын айдоочусу каза болуп, оператор манжаларынан ажырады
Казак аскерлери Алматыга баруучу жолду көзөмөлдөп жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Бир нанды 100 долларга алууга зарыгып... Учурда Казакстанда кырдаал кандай
Жаңылыктар түрмөгү
0