Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Кыргыз-казак чек арасындагы кайсы өткөрүү жайлары иш тартибин өзгөрттү. Жаңы тизме

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Ак жол" өткөрүү пункту. Архив
Ак жол өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Жазылуу
Бүгүн саат 11:30га карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны жок экени айтылды.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады.
8-январь саат 11:30га карата төмөндөгү өткөрүү жайлары иштеп жатат.
"Чалдыбар" (Кыргызстан) — "Сыпатай баатыр" (Казакстан) бул чектөөлөр менен:
Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
Казакстандын аймагындагы Кыргызстандын жарандары "Чалдыбар" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
Кыргызстандын аймагында жүргөн казакстандыктар "Чалдыбар" аркылуу чыгып кете алышат;
оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Казакстандын аймагына "Чалдыбар" аркылуу чектөөсүз кире алат.
"Ак жол" (Кыргызстан) — "Кордай" (Казакстан) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен иштеп жатат:
Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары "Ак жол" аркылуу кире алышат;
Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Ак жол" аркылуу чыкса болот. Бул өткөрүү жайынан жарандар жөө гана өтө алышат.
"Ак тилек" (Кыргызстан) — "Карасу" (Казакстан) жайы төмөндөгүдөй чектөөлөр менен иштеп жатат:
Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандыгы бар оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары Казакстанга "Ак тилек" өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;
Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары Кыргызстанга "Ак тилек" аркылуу кире алышат;
Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары "Ак тилек" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Ак тилек" өткөрүү жайы аркылуу кете алышат.
Таластагы "Чоң-Капка" — "Айша-Биби" (Казакстан) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен иштеп жатат:
Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттар гана мамлекеттик чек арадан штаттык режимде өткөрүлөт;
Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары "Чоң-Капка" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Чоң-Капка" өткөрүү жайы аркылуу кете алышат.
8-январь саат 11:30га карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган эмес.
УКМКнын Чек ара кызматы өткөрүү жайларынын иштөө тартибинин өзгөрүүсү тууралуу билдирип турарын кошумчалады.
Манас аэропортундагы автобустар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Мэрия жүргүнчү казакстандыктарды камкордукка алып, чек арага чейин узатууда. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0