Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.
Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан

Казакстандагы башаламандыктын экинчи түнү. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Казакстандагы газдын баасына байланыштуу нааразычылык акциялары өткөн түндө күч алып, учурда өтө курчуду.
Митингчилер бир катар мамлекеттик мекемелерди басып алды. Күч органдарынын сегиз кызматкери каза болгону айтылды.
Мындан улам президент Касым-Жомарт Токаев ЖККУдан аскердик жардам сурап кайрылды. Ошондой эле күч органдарынын бир катар жетекчилерин кызматтан кетирип, ордуна башкаларды дайындай баштады.
Ал ортодо Кыргызстандын бир тууган казак элине колдон келген жардамын берүүгө даяр экенин билдирди.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
02:45 06.01.2022
02:45 06.01.2022
Митингчилер менен күч түзүмдөрүнүн кагылышы башталды
02:32 06.01.2022
ТИМ Казакстандагы кыргызстандыктар үчүн ыкчам байланыш номерлерин жарыялады
ТИМдин Консулдук кызмат департаменти:
+996 551 312 000 (түз байланыш линиясы);
+996 555 007 626;
+996 708 52 21 37;
+996 707 989-895;
+996 709 983 465.
Нур-Султандагы элчилик:
+996 (772) 454-444.
Алматыдагы башкы консулдук:
+7 (777) 037-14-48;
+7 (777) 815-00-72 .
02:30 06.01.2022
02:26 06.01.2022
02:15 06.01.2022
ЖККУнун Жаматтык коопсуздук кеңешинин төрагасы Никол Пашинян Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Пашинян Токаевдин колдоо көрсөтүү тууралуу кайрылуусу боюнча уюмга мүчө мамлекеттер менен кеңешип баштаганын айтты. Билдирүүнү ал Facebook баракчасына чыгарды.
02:14 06.01.2022
Антитеррордук атайын операция жүрүүдө

Ушу тапта Алматыда антиррерордук атайын операция жүргүзүлүп жатат. Шаардын комендатурасы калааны террорчулардан бошотуу иштери дыкат жүрүп жатканын белгиледи.
02:09 06.01.2022
Байконур космодромун кайтаруу күчөтүлдү

"Роскосмос" мекемесинин башчысы Дмитрий Рогозин Казакстандагы Байконур космодромун кайтаруу күчөтүлгөнүн айтты.
“Космодромдун администрациясынын алдында түзүлгөн ыкчам штаб абалды көзөмөлдөп турат. Объектидеги маанилүү жайларды куралуу күзөтчүлөр кайтарууда”, — деди ал.
02:05 06.01.2022
02:01 06.01.2022
02:00 06.01.2022
Карим Масимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилиги алмашты
01:49 06.01.2022
Токаев башаламандыктын курмандыгы болгон казакстандыктарга кайрылып, президент катары калктын кызыкчылыгын коргой турганын айтты.
“Биргеликте жеңишке жетебиз деп ойлойм. Бул биздин тарыхтагы өтө оор күндөрдүн бири. Эмнеге мындай болуп кеткенин иликтешибиз керек. Бирок азыр мамлекетибизди коргоо — биринчи милдетибиз”, — деди ал.
01:47 06.01.2022
Токаев: Алматыда башаламандык уюштургандар — сырттан даярдалган террордук банда
01:46 06.01.2022
Ал арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы жарандарын жаңжалга аралашпоого чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0