Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилиги алмашты

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүКарим Масимов. Архив
Карим Масимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Жазылуу
Жаңы жетекчи Казакстандын мамлекеттик күзөт кызматынын аппаратында иштеген.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Карим Масимов отставкага кетип, ордуна Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Ермек Сагимбаев келди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Тиешелүү буйрукка президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон.
Сагимбаев 55 жашта. Улуттук коопсуздук органында жетекчилик кызматтарда эмгектенип, андан кийин Казакстандын Мамлекеттик күзөт кызматынын аппаратында иштеген. Бул кызматта башында жетекчинин орун басары, анан башчы болгон.
Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандагы башаламандыктын экинчи түнү. Учурда эмне болуп жатат

Казакстандагы окуялар

Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.
Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыкты. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарышып, бирок алар көчөлөрдү аралап жүрүштү.
Эртең менен президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирген.
Ага карабай түштөн кийин митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын басып алышкан. Мындан башка дагы мамлекеттик администрацияларды басып киришкени айтылууда. Анын арасында Алматы аэропорту дагы бар.
Андан соң нааразычылык акциялары учурунда полиция кызматкерлери менен аскерлердин арасынан сегиз киши көз жумганы айтылды.
6-январга караган түнү Токаев билдирүү жасап, өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУга кайрылганын айтты.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев: Алматыда башаламандык уюштургандар — сырттан даярдалган террордук банда
Жаңылыктар түрмөгү
0