Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Дүкөндөрдүн дээрлик баары тонолгон. Алматыдагы 6-январь күнкү кырдаал

© REUTERS / StringerАлматыдагы көчөнүн бири
Алматыдагы көчөнүн бири - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Жазылуу
Учурда коңшу өлкөдө бардык финансы мекемелери ишин токтотту.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Алматыда ызы-чуу токтоду, көчөлөрдө митингге чыккан адамдар көрүнбөйт. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттигинин кабарчысынын учурдагы абал тууралуу берген маалыматында айтылат.
Ал билдиргендей, дүкөндөрдүн дээрлик баары тонолуп, терезелер талкаланып, жол чырактар түбү менен кулатылган.

"Абадан күйүктөн калган жыт кете элек. Кечээ башаламандык уюштургандар шаардын чок ортосундагы кварталдарда кездешип, кулак тундуруучу гранатанын үнү угулуп жаткан. Бүгүн андай дабыштар чыккан жок", — деди кабарчы.

Ошондой эле Улуттук банктын маалымат катчысы Олжас Рамазанов Казакстандагы бардык финансы мекемелери ишин токтотконун маалымдады.
Белгилей кетсек, 6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмга мүчө-өлкөлөр тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Казакстандагы окуялар

Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.
Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу болду. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарышып, бирок алар көчөлөрдү аралап жүрүштү.
Эртең менен президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирген.
Ага карабай түштөн кийин митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын жана бишка бир катар мамлекеттик администрацияларды басып алышкан. Анын арасында Алматы аэропорту дагы бар.
Андан соң нааразычылык акциялары учурунда полиция кызматкерлери менен аскерлердин арасынан сегиз киши көз жумган.
Чек арадан өтүп аткан фура. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Кыргыз-казак чек арасында товарлар тоскоолдуксуз өтүп жатабы? Бийликтин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0