Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Алматынын көчөлөрү тазаланууда, полиция 2 000дей адамды кармады. Видео

© REUTERS / Mariya GordeyevaАлматыдагы аскер кызматкерлери. Архивдик сүрөт
Алматыдагы аскер кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Жазылуу
Күч түзүмдөрү көчөлөрдү тазалап, мыйзам бузгандарды кармап жаткан видео жарыяланды.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Алматыда башаламандык уюштурган 2 000ге чукул адам полиция тарабынан кармалды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Учурда полиция кызматкерлери Карасай баатыр жана Масанчи көчөлөрүн тазалап жатканы айтылат.
"Мыйзам бузгандарды кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бардыгы болуп 2 000дей адам полиция бөлүмдөрүнө алып келинди", — деп айтылат маалыматта.

Казакстандагы башаламандык

5-январда түштөн кийин митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын жана башка бир катар мамлекеттик администрацияларды басып алышкан. Анын арасында Алматы аэропорту дагы бар. Бир катар банктар, дүкөндөр талап-тонолгон.
6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмдун жетекчилиги тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. ЖККУнун күчтөрү аскердик инфраструктура жана башка объектилерди кайтаруу үчүн барат.
Ошол эле маалда Алматы калаасында антитеррордук операция башталган.
Күч түзүмдөрүнүн 13 кызматкери каза болуп, 353ү жаракат алды. Митингчилер арасындагы жоготуулар тууралуу расмий маалымат бериле элек. Болгону башаламандыкта миңден ашуун адам жабыркаганы кабарланды.
Казакстандын бүт аймактарына өзгөчө абал режими киргизилди.
Во время акции протеста, вызванной повышением цен на топливо в Алматы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Жан далбастаган аскерлер, жаалданган митингчилер. Алматыдагы ызы-чуудан 15 сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0