Тажикстан себебин айтпай Кыргызстандын 50 жаранын өлкөдөн чыгарып жиберди

© Sputnik / Табылды КадырбековЧек арадагы адамдар. Архив
Чек арадагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Жазылуу
Бул жарандардын баары Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулушкан. Үй-бүлө мүчөлөрү Тажикстандын жарандары, ошол жакта турушат.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Тажикстан себебин түшүндүрбөстөн Кыргызстандын 50 жаранын өлкө аймагынан чыгарып жиберди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматта 2-январь күнү болжол менен саат 20:20да "Карамык" өткөрүү пунктунан Тажикстандан Кыргызстанды көздөй 47 жаран чек араны кесип өткөн. 4-январда дагы үч киши чыгарылган.
"Бул жарандардын баары Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулушкан. Үй-бүлө мүчөлөрү Тажикстандын жарандары, ошол жакта турушат. Баары тең Ляхши, Мургаб, Тоолуу Бадахшан райондорунда мыйзамдуу жүргөн", — деп айтылат Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.
Кыргызстандыктар "Карамык" жана "Бор-Дөбө" өткөрүү пунктуларынан өтүшкөн.
Тажик аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2021
Чек арада жарадар болгон айдоочу: тажик тарап күнөөсүн моюндады
Жаңылыктар түрмөгү
0