Казакстандын ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан

Казакстанда күч алган митинг. Учурдагы кырдаалдан онлайн-репортаж

Жазылуу
Казакстанда 2-январда башталган нааразылык митингдери улам курчуп отуруп, 4-декабрда эл полиция менен кагылышууга жетти.
Нааразылык акциясы Жаңаозен, Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында автотранспорт үчүн газдын баасы эки эсе кымбаттап, литри 120 теңгеге (23, 9 сом) чыгып кеткенде нааразычылык күч алган. Бийлик элдин талабынан кийин аны 50 теңгеге (9 сом) арзандаткандан кийин да кырдаал тынчыган жок. Аскерлер митингчилерди күч колдонуп таратууга киришти.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
05:05 05.01.2022
Казакстандагы митингге чыккандардын жана аскерлер чогулгандарды кууп тараткан түндүн сүрөттөрү.
05:02 05.01.2022
Соңку жыйынтык маалымат
Эске салсак, кечээ, 4-январда Казакстандын бир канча шаарларында эл митингге чыгып, бийликке бир нече талапты койду. Анын башаты 2-январда башталган. Казакстандын Жаңаозен, Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында автотранспорт үчүн газдын баасы эки эсе кымбаттап, литри 120 тенгеге (23, 9 сом) чыгып кеткен. Буга нааразы болгон жашоочулар чогулган. Кээ бирлери шаардын борбордук аянтына боз үй тигип алган.
Элдин нааразылыгы күчөп, 4-январда полиция кыматкерлери менен кагылышкан видеолор интернет айдыңына тараган.
Митингчилер газдын баасын 50 тенгеге (9 сом) түшүрүү, жумушсуздук маселесин чечүү, тамак-аштын наркын арзандатуу деп үч талап коюп жаткан. 4-январда, Маңгыстау облусунда бийлик газга эл талап кылган бааны аныктап, арзандаткан. .Ошол эле күн Актөбе облусунун аймагында да газдын наркы 50 тенгеге түшкөн.
Мындай кадамдардан кийин Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал боюнча эртеси, 5-январда кеңешме өткөрөрүн билдирген. Бирок кеч курун Казакстан боюна абал курчуп, жогорудай айтылгандан башка Алматы баштаган ири шаарларда эл чыгып, алар да газдын баасын 50 тенге кылууну талап кыла башташкан. 4-январдан 5ине караган түнү баш аламандыкка айланып кеткен. Бир нече ирет кагылышулар болуп, акыры полиция чогулгандарды көздөн жаш агызуучу газ жана кулак тундурган граната колдонуп түнү менен кууп тараткан.
Ал эми президент Токаев Маңгыстау облусу менен Алматы шаарына өзгөчө абал киргизген.
РИА Новости таңкы саат 4:00 чамасында Алматы шаарында негизинен айлана, көчөлөр тынчып, анда-санда гана кулак тундуруучу гранатанын үнү чыгып калып жатканын кабарчысына таянып жазды.
04:46 05.01.2022
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эртең менен өкмөттү отставкага кетирүүгө камынып жаткандыгын Zakon .kz порталы өкмөткө шилтеме кылып кабарлады.
04:20 05.01.2022
5-январда, таңкы саат 4:00дөгү кырдаал, Алматы шаары. Саат таңкы төрттөр чамасында Алматы шаарында негизинен айлана, көчөлөр тынчып, анда-санда гана кулак тундуруучу гранатанын үнү чыгып калып жатканын РИА Новостинин кабарчысы билдирген.
04:05 05.01.2022
Алматы. БТРди жандай, торой чуркап, таш менен ургулаган митингчилер. Башка ракурстан тартылган видео
04:02 05.01.2022
Алматыдагы митингдин видеосу
03:41 05.01.2022
Алматы шаарында өзгөчө абал. Киргизилген чектөөлөр: Саат 23:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат;
Адамдар, автоунаалар эркин ары-бери каттай албайт;
Күч түзүмдөрү жарандардын жана айдоочулардын документтерин текшерип турат;
Коомдук тартипти камсыз кылуу, мамлекеттик, стратегиялык объектилерди кайтаруу;
Алматы шаарына кирип-чыгууга чектөө киргизүү;
Тынчтык жыйналыштарын жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу;
Курал-жарак, жардыргыч зат сатууга тыюу салуу;
Жеке жана юридика жактардын курал-жарактары убактылуу алынып турат.
03:14 05.01.2022
Алматы шаарында: БТР жана митингчилер
03:05 05.01.2022
03:01 05.01.2022
Казакстандагы митинг жана андан кийинки көрүнүштүн видеосу
02:58 05.01.2022
02:42 05.01.2022
Касым-Жомарт Токаев кагылышуудан улам Алматы шаары менен Маңгыстау облусуна өзгөчө абал киргизди. Президенттин жарлыгына ылайык, өзгөчө абал режими 5-январь саат 01:30дан баштап 19-январь саат 00:00гө чейин күчүндө болмокчу.
02:40 05.01.2022
Казакстандагы кырдаал тууралуу кыскача:
Алматыда күч түзүмдөрү митингчилерди борбордук аянттан сүрүп чыга алды. Алар көздөн жаш агызуучу газ, кулак тундуруучу гранаталарды колдонгон;
Митингчилер андан ары барып башка көчөлөрдө жүрүш уюштурган. Бирок полиция четинен кармап жатат;
Эл менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусунан алдын алуу үчүн президент Касым-Жомарт Токаев чагымчылдыкка алдырбоого, мамлекеттик мекемелерге чабул жасабоого чакырган. Ошондой эле бийлик кулабай турганын билдирген;
Социалдык тармактарга полициянын автоунаалары жана башка машиналар күйүп жаткан видеолор тарады;
ЖМКлар маалыматтарды кечигүү менен таратууда. Себеби Казакстанда интернет бирде үзүлүп, бирде жай ылдамдык менен иштеп жатат.
02:32 05.01.2022
Sputnik Казакстан билдиргендей, Актаунун аэропортунда бир нече каттам кармалып, бирөө учпай калды. Тблисиге каттам (SKAT) саат 22:55тенкечирээк убакытка жылдырылды. Нур-Султан шаарына каттам (Air Astana) саат 22:35тен 08.05ке жылдырылды. Алматыга каттам (Air Astana) саат 23:40тан 12:35ге жылдырылды. Актаудан Атырауга каттам (FlyArystan) учпай калды.
02:23 05.01.2022
02:19 05.01.2022
02:15 05.01.2022
РИА Новости басылмасынын кабарчысы билдиргендей, күч түзүмдөрү Алматы шаарындагы Республика аянтынан чогулгандардын негизги бөлүгүн сүрүп чыгарды. Митингчилерди таратуу үчүн кулак тундурган граната, көздөн жаш агызган газ колдонулган.
02:14 05.01.2022
Алматыдагы Республика аянтында 1000ге чукул адам чогулган. Алар полициянын автоунааларын талкалаган. Буларга жооп иретинде полиция кулак тундурган граната колдонгон. Sputnik Казакстан агенттигинин кабарчысы билдиргендей, топтошкондор бир полициянын бир кызматкерин сабап салган. Шаардык акимчиликтин имаратын күч түзүмдөрү курчап турат. Тартип сакчылар митингдин катышуучуларын аянттан кубалап, эл азая баштаганы байкалды.
02:04 05.01.2022
Белгилүү ырчы Димаш Кудайберген бийликке жана элге кайрылуу жасады. Тараптарды тынчтанууга чакырып, жалпы бир пикирге келүү зарылдыгын айтты. Казакстан үчүн азыр баарынан маанилүүсү биримдик жана элдин аман-эсен экендигин айтты.
02:00 05.01.2022
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстанда абал курчуса Кыргызстандын Чек ара кызматы тиешелүү чара көрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0