Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Токаев Алматы менен Маңгыстауга өзгөчө абал киргизди

© REUTERS / PAVEL MIKHEYEVБеспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ
Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Жазылуу
Жарлыкка ылайык, кырдаал курчуган эки аймакта өзгөчө абал режими 19-январга чейин уланат.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Президент Касым-Жомарт Токаев Маңгыстау облусу менен Алматы шаарына өзгөчө абал киргизди. Бул тууралуу ал тиешелүү жарлыкка кол койгону Акорданын сайтына жарыяланды.
Кырдаал курчуп жатканына байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти калыбына келтирүү, жарандардын эркиндигин жана укуктарын коргоо максатында өзгөчө абал киргизилери белгиленген. Мындай режим 5-январь саат 1:30дан 19-январь саат 00:00гө чейин сакталат.

"Президент телекайрылуусунда жарандарды акыл-эстүүлүк менен чечим кабыл алууга, сырткы жана ички чагымчылдыктарга алдырбоого чакырды", — деп белгилеген маалымат кызматы.

Казакстандагы митинг эмнеден чыгып, башаламандык кантип басылды?
Эске салсак, кечээ, 4-январда, Казакстандын бир канча шаарларында эл митингге чыгып, бийликке бир нече талапты койду. Анын башаты 2-январда башталган. Казакстандын Жаңаозен, Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында автотранспорт үчүн газдын баасы эки эсе кымбаттап, литри 120 теңгеге (23, 9 сом) чыгып кеткен. Буга нааразы болгон жашоочулар чогулган. Кээ бирлери шаардын борбордук аянтына боз үй тигип алган.
Элдин нааразылыгы күчөп, 4-январда полиция кызматкерлери менен кагылышкан видеолор интернет айдыңына тараган.
Митингчилер газдын баасын 50 теңгеге (9 сом) түшүрүү, жумушсуздук маселесин чечүү, тамак-аштын наркын арзандатуу деп үч талап коюп жаткан. 4-январда Маңгыстау облусунда бийлик газга эл талап кылган бааны аныктап, арзандаткан. Ошол эле күн Актөбе облусунун аймагында да газдын наркы 50 теңгеге түшкөн.
Мындай кадамдардан кийин Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал боюнча эртеси, 5-январда, кеңешме өткөрөрүн билдирген. Бирок кечкурун Казакстан боюна абал курчуп, жогорудай айтылгандан башка Алматы баштаган ири шаарларда эл чыгып, алар да газдын баасын 50 теңге кылууну талап кыла башташкан. 4-январдан 5ине караган түнү акция башаламандыкка айланып кеткен. Бир нече ирет кагылышуулар болуп, акыры полиция чогулгандарды көздөн жаш агызуучу газ жана кулак тундурган граната колдонуп түнү менен кууп тараткан.
Ал эми президент Токаев Маңгыстау облусу менен Алматы шаарына өзгөчө абал киргизген.
РИА Новости таңкы саат 4:00 чамасында Алматы шаарында негизинен айлана, көчөлөр тынчып, анда-санда гана кулак тундуруучу гранатанын үнү чыгып калып жатканын кабарчысына таянып жазды.
Казакстандын ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстанда күч алган митинг. Учурдагы кырдаалдан онлайн-репортаж
Жаңылыктар түрмөгү
0