Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстандагы митингдер: газ заводунун директору кармалды

© REUTERS / Sergei KarpukhinКишенделген жаран. Архив
Кишенделген жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Жазылуу
Казакстандагы нааразычылык акциялары суюлтулган газдын баасы 1-январдан тарта чукул кымбаттап кетишинен улам башталган.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Казакстанда суюлтулган газдын баасы көтөрүлөрү менен нааразычылык акциялары башталган. Мындан улам Жаңаөзендеги “Казак газды кайра иштетүү заводу” ишканасынын директору Накберген Тулепов жана суюлтулган газ боюнча электрондук сатуулар борборунун жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
“Финансылык мониторинг боюнча агенттик газдын баасынын чукул кымбаттап кетишин иликтеп баштады”, — деп айтылат билдирүүдө.

Казакстандагы окуялар

Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.
Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыкты. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарышып, бирок алар көчөлөрдү аралап жүрүштү.
Ошол учурда президент Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, Маңгыстау облусу менен Алматы шаарына өзгөчө абал киргизди.
Эртең менен Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алды.
Алматыдагы түнкү окуялардан кийинки абал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев абалды жөнгө салуу үчүн 5 тапшырма берди. Алматыда абал кандай
Жаңылыктар түрмөгү
0