Улуттук банк сомдун кунун кармоо үчүн дагы бир ирет интервенция жүргүздү

© AFP / OZAN KOSEАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2021
Жазылуу
Бул жылы Улуттук банк валюта рыногуна 15 жолу доллар сатты. Акыркысы кечээ, дүйшөмбү күнү, катталды.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Улуттук банк кечээ, 27-декабрда, валюта рыногуна 65 миллион 950 миң доллар сатты.
Бул 2021-жылдагы 15-интервенция болуп калды, жалпысынан 698 миллион 950 миң доллар сатылды. Мындан сырткары, башкы банк 24-ноябрда накталай дагы 38 миллион доллар саткан.
Соңку айларда интервенциянын көлөмү эки жолу рекорд жаратты: 23-ноябрда — 70,3 миллион, 7-декабрда 71,3 миллион доллар сатылды. Улуттук банктын маалыматы боюнча, буга чейин бир жылда жасалган интервенциянын суммасы такыр 600 миллион доллардан ашкан эмес.
Valuta.kg порталында жазылгандай, дүйшөмбүнүн таңына салыштырмалуу банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда долларды сатып алуу төрт тыйынга арзандап 84,72 сомду түздү, ал эми сатуу мурдагыдай эле 84,9 сомдун чегинде.
Улуттук банк валюта рыногунда олку-солку абалды жөнгө салып, сомду колдоо үчүн интервенция жасап турат. Бул үчүн алтын-валюталык запас колдонулат. Резервде ондогон валюта, SDR (Эл аралык валюта фондунун төлөм каражаты) жана алтын куймалар бар.
Алтын куймалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2021
Улуттук банктын алтын запасы ноябрда 4 млрд. сомго азайды
Жаңылыктар түрмөгү
0