Батыш медиасы Байденди Брежневге салыштырууда. Кырдаал кандай нукта баратат?

© AP Photo / Patrick SemanskyАКШ президенти Жо Байден. Архив
АКШ президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2021
Жазылуу
Өздөрүнө кедергиси тийбегидей кылып салынчу санкциялар түрүн дээрлик түгөтүп бүткөн Батыш эми Россияга каршы чара көрүүнүн башка ыкмаларын издеп түйшөлүүдө.
Кезектеги "тозоктуу санкциялар" салынары айтылат. SWIFT эл аралык банк тутумунан Россияны өчүрүү демилгеси да улам талкууланат. Бирок ага катар эле бул кадамдардын баары майнапсыз экени тууралуу да ойлор жаңырат. Ал эми санкциялардын улам жаңы түрү менен коркуткан сайын Россия ага туруштук берүүнүн айласын таап коет.
Эксперттери да санкциялар кайсы бир тармакты же бизнес ээлерин гана кыйноого салганы болбосо, жалпысынан Россиянын жана анын жарандарынын турмушуна дегеле таасир этпегенине кейишет. Батыштын РФке каршы кадамдарына баам салган Владимир Корниловдун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланды.
Соңку убактагы Батыш ишмерлеринин билдирүүлөрүн талдай келсек, кансыз согуштан берки чаң баскан архивдик документтерди таап алган сыяктуу. Себеби СССРди чабалдатып жана ыдыраткан ийгилигинин формуласын жан-алы калбай кайрадан түзүүгө далалат кылышууда.
Адегенде сенаторлорго Мамлекеттик департаменттен дасыккан "кремль таануучу" Виктория Нуланд "украиналыктар Свердловск же Екатеринбургга эмес, Париж же Берлинге окшошкусу келерин" кабарлады. Россия жаатында белдүү америкалык адистердин бири Екатеринбургдун эски аталышын эстегени чындап эле архивдик материалдарды "казып" жатышканынан кабар берет.
СССРдин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2021
Путин постсоветтик тарыхтын оор учурун жыйынтыктады. Батышка кулак кагыш
Ага удаа эле Германиянын жаңы дайындалган коргоо министри Кристина Ламбрехт да санкция иретинде "россиялык аткаминерлерге Париждеги Елисей талааларына шопингге" келишине тыюу салууну сунуштады. Маалымат майданы да тим калбады, атап айтканда, Reuters агенттиги АКШ Россияга акылдуу телефондорду экспорттун агымын тыя турган санкция даярдап жатканы тууралуу аңыз таратты. Россияга бул ирет Батыш коомчулукту козгоо ниетинде дал кеңири пайдаланылчу нерселерде көйгөй жаратууну көздөгөн көрүнөт.
Баарынан кызыгы, мындай өңүттөгү сөздөр Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Америка ушул тапта соода түйүндөрүнүн жабдуудагы эбегейсиз көйгөйлөргө тушугуп турган маалда жаңырууда. Балким АКШ президенти Жо Байдендин жакындагы эле майрамга карата калкка кайрылуусу да тегин жерден соода порту тартылган сүрөттүн алдында айтылып, товарлардын таңсыктыгы тууралуу кеп козголбогон чыгар. Бирок негедир бул президент менен бизнес өкүлдөрү, өлкөнү товар менен жабдуунун үзгүлтүккө учурашына жол бербөө боюнча атайын бөлүмдүн катышуусундагы жыйын деп аталды. Эске салсак, ушул бөлүм быйыл июнь айында Байдендин жеке көрсөтмөсү менен түптөлгөн. Байден элге: "Көпчүлүк боолгологон каатчылык болгон жок, посылкалар жөнөтүлүп, белектер жеткирилүүдө. Текчелер да бошоп калган жок", – деп жылмаюу менен отчет берди.
Батыш маалымат каражаттары өз жашоочуларын азык-түлүк таңсыктыгына тушуккан "советтик үй кожейкелерге" салыштырып жатканына да таң кала албайсың. Ал эми Байдендин өзүн Леонид Брежневге салыштыра башташты. Айталы, Newsmax телеканалынын алпаруучусу Грег Келли АКШ президентинин рождестволук жана 1970-жылдардагы советтик жол башчынын жаңы жылдык кайрылуусунан көп окшоштуктарды тапкан. Пандемия жана чек аралардын жабылышынын кесепети катары дүкөн текчелери Батышта былтыр эле бошой баштаган. Америкалыктар 80-жылдары теледен советтик жарандардын дүкөн текчелеринде даарат кагазын калтырбай сатып алып жатышканын кандай таңдануу менен көрүшсө, былтыр Америка жана Европа дал ошондой абалга тушукту. Башында утурумдук көрүнүш экенин, Кытай карантинден чыкса кырдаал турукташарын айтып, элди жооткотуп жатышкан. Анткен менен быйыл бир катар мамлекеттер андан да олуттуу маселелерге кептелди. Британиялыктардын жарымынан көбү бир нече аптадан бери товарлардын тартыштыгын жон териси менен сезүүдө. Кошмо Штаттарда да бул көрүнүш дээрлик 50 пайызга чыкты. Эксперттердин бир даары да мындай абал, тагыраак, азык-түлүк жана тиричиликке керектүү товарлар менен жабдуу каатчылыгы келерки жылы да жоюлбастыгын бир ооздон айта башташты. Ал эми бир катар талдоочулардын пикиринде, кырдаал 2024-жылдын ортосуна барып түзөлөрү – "пандемияга чейинки деңгээлге" жетет. Либералдардын "рынок өзүн-өзү жөнгө салат" дегени бул каатчылыкта суу кечпей калат окшойт. Анткени Байдендин жогоруда аталган атайын түзүмдү түптөшү экономиканы пландоо жана мамлекеттик жөнгө салуучу элементтерсиз Вашингтон бул кризисти жеңе алары арсар. Ошол эле учурда Британиянын агроөнөржайчылар тобу өз өкмөтүнөн тез арада мамлекеттин өнөр жай коопсуздугун камсыздоону талап кылууда. Алар азык-түлүк өндүрүмдөрүнүн 60 пайыздан кем эмес бөлүгү өлкөдө өндүрүлсө гана өлкө бул жаатта коопсуз жашай алат деген көз карашты карманышат.
Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү, Еврокомиссиянын төрагасынын орун басары Жозеп Боррель. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Евробиримдик Россияга кантип доо кетиргиси бар?
Санкциялык кысымдар Россияны мүңкүрөтпөстөн кайра чыйралтты. Алардын айынан аталган державада агроөнөр жай кескин түрдө өркүндөп, бул держава азык-түлүк коопсуздугун чыңдап алды. Муну Батыш да моюнга алууда. Financial Times басылмасынын Москвадагы бюросунун жетекчиси Макс Седдон гезиттин рождестволук чыгарылышында: "Россияда азык-түлүк тармагы Путин Батыштан импорттоого тыюу салган 2014-жылдан тарта өркүндөөдө", – деген. Демек, СССРди кулатуу тактикасын пайдаланышса да Батыштын ыкмаларынан майнап чыкпасы анык.
Батышта азыркыдай кырдаал дагы узакка созулушу ыктымал. Америкалыктардын үчтөн экиси күнүмдүк керектелүүчү товарлар менен жабдуу үзгүлтүккө учураганы кадыресе көрүнүшкө айланарынан да чочулоодо. Болгону Жо Байден гана эл алдына чыгып, АКШда кырдаал кескин жакшырды деп отчет бермейди гана адатка айлантат өңдүү.
Берлиндеги Рейхстаг имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Европадагы энергетикалык каатчылык. Ойлонулбаган үстөккө-босток чечимдер
Жаңылыктар түрмөгү
0