Көлөпов: акыйкатчыга укук коргоо органдарына, сотко нааразы адамдар көп келет
© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Альберт Көлөпов
Жазылуу
Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Альберт Көлөпов Кыргызстанда 2021-жылдын жыйынтыгында Акыйкатчы институтуна оозеки жана жазуу түрүндө 8 миңдей арыз түшкөнүн айтты.
Адам укугун коргоо — оор процесс. Ошол себептен БУУнун Башкы Ассамблеясынын үчүнчү сессиясында 1948-жылы адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган. Кээде адамдын укугунун бузулушун аныктоо өтө кыйын. Айрыкча юридикалык жогорку билими бар укук коргоо органдары тарабынан укук бузулганын далилдеш татаал. Ал үчүн олуттуу бир факт болушу керек. Бул тууралуу Альберт Көлөпов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Көлөпов: акыйкатчыга укук коргоо органдарына, сотко нааразы адамдар көп келет
Анын айтымында, Кыргызстанда сот отурумун себепсиз жылдырып салган учурлар өтө көп.
"2021-жылдын жыйынтыгында Акыйкатчы институтуна 4 миңге жакын жаран жазуу түрүндө кайрылды. Булар — укук коргоо органдарынын ишине, сот органдарына, социалдык коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо тармагына нааразычылык менен келгендер. Ал эми оозеки түрүндө да 4 миң киши кайрылган. Бул адамдардын көйгөйүн биздин кызматкерлер угуп, маселесин чече турган жерлерге багыт беришти. Андан тышкары, 115 ыкчам байланыш номерине келген чалууларга эртеден-кечке адис жооп берип турат. Кат (СМС) түрүндө түшкөн билдирүүлөргө адис кайра чалып консультация берет. Учурда 10 миңге жакын чалуу тейленди. Дүйнөлүк тажрыйба боюнча акыйкатчыга кайрылган адамдардын 20 пайызынын көйгөйү чечилет. Биз бул жылы чыныгы укук бузуу менен кайрылган 103 жарандын маселесин чечип бердик. Себеби бизге алдын ала жазылып, кире бериште милиция кызматкери текшерип отурбай эле жарандар акыйкатчыга түз кирет. Ошол себептен туура эмес келип алгандар көп. Мыйзам боюнча, адам кайсы бир мамлекеттик органга кайрылып, андан жооп болбой баш тартууга туш келсе, ошондо гана акыйкатчыга кайрылышы керек. Акыркы беш жылда укук коргоо органдарына жана сотко нааразы болгон адамдар көбөйдү. 2019-жылдан баштап тергөөчүлөрдүн иши көбөйүп, бир адиске 500дөй иш жүктөлдү. Аларга жабырлануучу да, күнөөлүү тарап да нааразы болуп жатышты. Анткени иштин көптүгүнөн тергөөнүн сапаты начарлап кетти", — деди Көлөпов.
Ал сотко нааразы болгондор көп кайрылгандыктан (учурда 700дөн ашык кайрылуу), Акыйкатчы институтунун адистери акыркы жылдары сот процессине мониторинг жүргүзүп, сот залынан башы чыкпай жатканын кошумчалады.