Кыргызстанда балдар жабыркаган жол кырсыктар 43 пайызга көбөйгөн

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолду чуркап өткөн кыз. Архивдик сүрөт
Жолду чуркап өткөн кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Жазылуу
Жол кырсыкка негизги себептер — өтө жогорку ылдамдык, туура эмес маневрлардын жасалышы, карама-каршы тилкеге чыгуу жана мас болуп рулга отуруу.
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстанда балдар жабыркаган жол кырсыктар орто эсеп менен 43 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жылды жыйынтыктаган жыйында билдирди.
“Балдар жабыркаган жол кырсыктарды аймактар боюнча ала турган болсок, Бишкекте 59 пайызга, Ош облусунда 53 пайызга, Чүй облусунда 47 пайызга, Ош шаарында 32 пайызга, Ысык-Көлдө 35 пайызга көбөйгөн. Бул өтө өкүнүчтүү. Мунун баары биз жоготкон жакындарыбыз жана бирөөнүн багуусуна көз каранды болгон тагдырлар”, — деди Жапаров.
Ошондой эле ал жол кырсыктары боюнча жалпы статистикага токтолду.
“Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча маселе коомубузда абдан курч болууда. 11 айда 780 адам каза болуп, 10 миңден ашык адам ар кандай жаракат алган. Бүтүндөй үй-бүлөлөрдүн өмүрүн алган жол кырсыктар кездешти”, — деди президент.
Маалыматка караганда, автокырсыктар негизинен шаарлар менен айылдарды бириктирген Бишкек — Торугарт, Бишкек — Ош, Бишкек — Талас магистралдарында катталууда.
Анын негизги себептери — өтө жогорку ылдамдык, туура эмес маневрлардын жасалышы, карама-каршы тилкеге чыгуу жана мас болуп алып рулга отуруу.
Ошол эле учурда президент “Коопсуз шаар“ долбоорунун камералары турган жерлерде эреже бузуулар 30-40 пайызга азайгандыгын айтты.
“Демек, “Коопсуз шаар” долбоорунун 1-этабы өз жемишин берип жаткандыгына байланыштуу анын 2-этабын толугу менен бүт республика боюнча тезинен ишке киришин колдойм”, — деди Жапаров.
Сөзүнүн соңунда президент жол эрежелеринин сакталышына бир гана тиешелүү органдар эмес, ар бир жаран аракет кылышы керектигин айтты.
ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2021
ИИМге жаңы функцияларды берүү жол кырсыгын азайтабы? Жапаровдун жарлыгына пикир
Жаңылыктар түрмөгү
0