Нарында 46 жаштагы киши асма көпүрөдөн музга кулап набыт болду

© Sputnik / Валерий МельниковКөпүрө. Архив
Көпүрө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021
Жазылуу
ӨКМдин куткаруучулары маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Нарын районунун Ак-Булуң айылында 46 жаштагы кишинин сөөгү суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, эркек киши асма көпүрөдөн өтүп баратып музга кулап каза болгон. Жерине төрт куткаруучу тартылган. Алар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда маркумдун ким экени такталууда.
Жол кырсык. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2021
Кубакы ашуусунда автоунаа бетон тосмону сүзүп, бир киши мүрт кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0