Афганистан террорчулардын Меккеси бойдон калууда. Таасири Борбор Азияга да тиет

© AFP / HOSHANG HASHIMIАфганистандагы куралчан адамдар. Архив
Афганистандагы куралчан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021
Жазылуу
"Эмирликтин" азыркы бийлиги элге нан тараткандан көрө аскер-аба күчтөрүн калыбына келтирүүгө, жаңы армия түзүп, полиция аппаратын бекемдөөгө кызыкдар.
2021-жылдын соңунда талибдердин бийлиги алдында турган Афганистан чектеш мамлекеттер үчүн террордук кооптуулугу күч өлкө бойдон калууда. Бул көйгөйдү кайсы бир гуманитардык акциялар же акча менен чечүүгө мүмкүн эмес дейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
"Аль-Каиданын"* деңгээлиндеги эл аралык террордук уюмдар "Талибандын"** жеңишин жалпыга таандык деп, бийликти басып алуунун жана "эмирлик" түзүүнүн үлгүсү катары кабылдоодо. Буга улай Афганистан менен чектешкен Борбор Азия мамлекеттерин "жихадды" улантууга ыңгайлуу аянтча катары карап жатат.
Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Олег Сырмолотов 22-декабрда: "Афганистанды Сириядан кийинки эле фундаменталисттик өлкө түзүүгө боло турган аянтча катары көргөн ар кандай радикалдуу топтор маалымат айдыңында өз ишмердүүлүгүн жайылтып жатышат. Алар тарапташтарын мындай аракетти башка өлкөлөрдө да кайталоого үндөшүүдө", — деди.
Андан бир күн мурун Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу барган сайын өсүп жаткан кооптуулук тууралуу айткан. "Афганистандагы кырдаалдын олку-солкулугу террорчулук менен баңгизаттын ЖККУ мамлекеттерине импорт тобокелчилигин шарттайт. Кырдаалга дыкат көз салып жатабыз, аскерий коопсуздукка жаралган коркунучка өз маалында жооп берүүгө даярбыз" деген министр.
Талибдердин 2021-жылдын августунда экинчи ирет бийликке келиши алысты көрө албаган адамдарга гана оптимизм тартуулады. Эл аралык байланыштар, ар кыл аянтчаларда "улуттук-боштондук кыймылынын" молдолору (саясий өкүлдөр) менен сүйлөшүүлөр — айласыздан жасалган кадам. Талибдер 20 жыл бою согушуп гана келген, башка нерсе колунан келбейт. Апийим плантацияларын өстүрүүдөн башка өндүрүштү ишке киргизүүгө чама-чаркы чак. Коңшу мамлекеттердеги абалды да олку-солку кылып коё турган гуманитардык катастрофа менен "шал экономиканын" тамыры мына ушул жерде.
40 миллиондуу Афганистанда кырдаалдын так ушундай нук алышы аймакта жан баккан 20га чукул террордук уюмдун кызыкчылыгына төп келгени менен буга дүйнөлүк коомчулук караманча каршы. Кабулду гуманитардык жардам жана акча менен "дарылоого" аракеттер жүрүп жатат, 2022-жылы БУУ таптакыр коргоосуз калган афгандыктарды колдоо үчүн 4,5 миллиард доллар суроого белсенип турат. Бул уюмдун тарыхындагы эң масштабдуу жардам болуп калмакчы.
Афганистандын Балх районундагы МиГ-21 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Талибдер учканды үйрөнүүдө: Түндүк Афганистандагы машыгуу кимге каршы багытталган?

Гуманитардык эмиссия

БУУнун Коопсуздук кеңеши 22-декабрда резолюция кабыл алган, ага ылайык эми Афганистанга гуманитардык жардам жөнөтүү өлкөнүн активдерин тоңдуруу боюнча талапты бузуу болуп саналбайт. Мындан сырткары, БУУ Афганистандагы объектилерин коргоо үчүн талибдерге кийинки жылы 6 миллион доллар сунуштады. Абал парадоксалдуу, анткени Афганистандын ИИМинин башчысы Сираджуддин Хакканиге ФБР издөө жарыялап, табууга жардам бергендерге 10 миллион доллар өлчөмүндө сый акы убадалаган.
Афганистанга Япония 100 миллион, Канада 56 миллион долларлык гуманитардык жардам бермей болду. "Жихадчылардан" жеңилип ыза болуп турган АКШ дагы 23-декабрда талибдер жана "Хаккани түйүнү" менен гуманитардык финансылык операцияларды жүргүзүүгө уруксат берди. Ооба, Афганистанга 20 жыл мурун өлкөнү кыйроого дуушар кылгандар жардам бериши керек. Муну Россия президенти Владимир Путин да 23-декабрда өткөн ири маалымат жыйында эскертти.
Бир жагынан Вашингтондун террордук уюмдарды каржылап жатканынын белгисин баарыбыз эле байкоодобуз. 2001-жылдын сентябрында АКШ президент Жорж Буш террорчулардын жана алардын тарапташтарынын Американын аймагындагы мүлкүн блоктоо, алар менен финансылык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салуу тууралуу жарлык чыгарган. Мыйзамдарындагы мындай маневрлар системалуу кризистен кабар берип турат. Эң башкысы — талибдердин режимин "гуманитардык" акча менен жумшартууга аракет жасоо насилинде туура эмес кадам.
"Эмирликтин" азыркы бийлиги элге нан тараткандан көрө аскер-аба күчтөрүн калыбына келтирүүгө, жаңы армия түзүп, полиция аппаратын бекемдөөгө кызыкдар болуп турат. БУУнун гуманитардык акциялары афган жарандарына тыгынчык болору арсар.
Ок атып жаткан Талибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2021
Ок атышты. Талибдер чек ара чийини кайсы жерде экенин билишчү эмес беле?
Талибдер элден оолак, губернаторлор менен аткаминерлерге айлык миңдеген доллар менен берилет. Ал эми кыз-келиндердин (өлкөдө 19,7 миллион) басымдуу бөлүгүнө иштөөгө тыюу салынган, керек болсо эркек кишиси жок кыз-келиндер үйдөн да чыга албайт. Дээрлик өлкөнүн жарымы үй камагында отурат. Анан кайдагы экономикалык өнүгүү?..
4,2 миллион афгандык баланын мектепке барып билим алууга мүмкүнчүлүгү жок, булардын 60 пайызы кыздар. Аял мугалимдер жетишпейт, бул кыздардын билим алуусу үчүн зарыл талап.
Жаңы бийлик келгени Афганистанда жалпыга маалымдоо каражаттарынын 70 пайызы жабылды. Үч айдын аралыгында 6400 журналист ишсиз калган, сегиз жарандык активист жана эки журналист киши колдуу болуп, оппозицияга кирбеген бул коомдук топ өкүлдөрүн кармап сабаган 59 учур катталды.
Афганистан дүйнөдөгү эң кедей өлкөнүн бири бойдон калууда. Жакырчылыктын айынан калктын басымдуу бөлүгү террорчулукка, баңги бизнесине ооп кетип жатат. Талибдердин прогресске, агартууга, илимге болгон душмандыгы, тынч элге жасалган куралдуу зомбулугу жана баңгизат өндүрүшү эртеби-кечпи коңшу Борбордук жана Түштүк Азияга таасирин тийгизет.
Ал эми азырынча "эмирликтеги" кырдаалды курчутууга атаандаш болгон террордук топтор жардам берүүдө. Кабулда 23-декабрда кезектеги жарылуу болду, жан кечти паспорт столунун жанынан теракт жасаган. 15-августтан кийинки жардыруунун баарынын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" алып жатат, "Аль-Каида" азырынча көлөкөдө.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм.
** — Террордук иштери үчүн БУУнун санкциясына алынган уюм.
Куралчан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
"Жихад" уланууда: талибдер өзбектерди, ИМ* Өзбекстанды мээлеп турган чагы
Жаңылыктар түрмөгү
0