00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:56
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Шаманский рэп и сказки народов Сибири: певица Наталья Нелюбова о том, чем они полезны современному человеку
08:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Тукумсуздук көбөйдү — аял күнөөлүүбү же эркекпи?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Новая эра трансплантологии: анализы для пересадки почки теперь делают в КР
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үй жаныбарларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө алып кирүү эрежелери — эмнелерди билүү керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЖККУ саммити 2025: саясий, аскердик кызматташуу, терроризмге жана коркунучтарга биргелешип каршы күрөшүү кандай жүрүүдө?
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
E-commerce EXPO 2025: электрондук коммерциянын ички рыногунун көлөмү канча?
15:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ишкерликте кадр маселеси мааниүүлүбү?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Бизнес по-новому: какие налоговые изменения вступят в силу с 2026 года
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Согди элдеринин кызы менен түрк элдеринин уулунун ортосунда түзүлгөн нике келишими табылды. Биздин доордогу IV-V кылымдардагы Улуу Жибек жолунун түрк-согди элдеринин жашоосуна тийгизген таасири
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
E-commerce EXPO 2025: электрондук коммерциянын ички рыногунун көлөмү канча?
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Суукка кабылганда дароо ысык ичип, жуунбагыла! ӨКМдин кеңеши

© Sputnik / Кирилл КаллиниковКөчөдө бараткан адам. Архив
Көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2021
Жазылуу
ӨКМ сууктан сактануунун жана ага кабылгандан кийинки аракеттер тууралуу кеңеш берди. Адам өмүрүнө коркунуч жаралган учурда 112 кызматына чалууну эскертти.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бийик тоолуу жана тоолуу аймактарда суук катуу болорун белгилеп, сууктан сактануунун эрежелерин эске салды.
Ага ылайык, төмөнкү нерселерди көңүлгө түйүп алуу сунушталат:
аба ырайы кескин өзгөрүп, нормадан ашкан суукта зарыл ишиңиз болбосо үйдөн чыкпаганыңыз оң. Айрыкча бул жаш балдарга тиешелүү;
катуу бороон коштогон суукта ачка жүрбөңүз. Себеби организм суукка кабылганда жылуулукту өзүңүздөн эмес, тамактын эсебинен алганы пайдалуу;
сыртка чыгарда колуңузга, бетиңизге сууктан сактай турган майлуу кремдерди сүйкөңүз. Бет майдын курамында суу, тактап айтканда, нымдаштыруучу заттар болбошу керек;
жылуу жүргөнгө аракет кылыңыз. Кийимди табигый кездемеден тигилгенин, жүндөн токулганын тандаңыз. Ошондой эле кийим жеңил жана ыңгайлуу болушу керек. Мындан сырткары, жылуулукту бир калыпта сактоочу атайын кийимдер (термо) да жакшы;
бут кийим кургак жана кенен болушу шарт. Ыңгайлуу бут кийим тамандагы кан айланууга тоскоол болбойт, өзүңүз да кыйналбай жүрөсүз. Суукта жүндөн же таза пахтадан токулган байпак кийген да дурус;
аялдамада же көчөдө турганда бир абалда турбастан, буту-колуңузду кыймылга келтирип туруңуз;
суукка чыдабай жатсаңыз жылуу жайларга — кафе, дүкөн, көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддерине кирип жылына туруңуз;
жай дем алыңыз. Суукта терең дем алуу өпкөгө жана аны туташтырган тамырларга зыян. Ошондой эле сууктан мурун, кулак, колу-бутту да сактоо керек;
эгер сууктан буту-колуңузду сезбей калсаңыз дароо ысык сууга жуунбаңыз. Бул организмдеги клеткалардын эрте өлүп жок болушуна (некроз) алып келет. Жакшысы — үшүк алган дененин бөлүгүн кургак, жылуу же жүндөн токулган табигый кездеме менен ороп жылытыңыз. Бул жардам бербесе дарыгерге кайрылуу зарыл;
сырттан үшүп киргенде дароо ысык чай ичкенге же ысык сууга жуунганга (душ, ванна) шашылбаңыз. Организмдеги температура кескин өзгөргөндө жүрөк-кан тамыр системасына күч келет. Адам организми 20-30 мүнөт аралыгында акырындык менен бөлмө температурасына ылайыкташып көнүшү керек;
ар бир адамдын коопсуздугу өз колунда. Спорттун муз тебүү түрү менен машыккандар жана ага кызыккандар, этияттаңыздар. Өзгөчө ачык жерде машыккандар кар жааган күндүн эртеси муз аянтчасына барганы дурус. Кооптуу, тик дөбөлөрдөн, тоо боорунан, текшерүү жүргүзүлбөгөн муз аянтчаларына барууга тыюу салынат;
аба ырайы тууралуу маалыматтарга көз салып, ошого жараша жолго чыгыңыз;
бороондо эскертүүсүз электр энергиясы өчүп калышы толук мүмкүндүк бар. Кооптуу электр чубалгыларына көз салыңыз, газ түтүгүн бекитиңиз;
бороон-чапкында автоунааны бак-дарактардан алысыраак жакка токтотуңуз.
ӨКМ, мындан сырткары, кыйроолор коштолгон же адам өмүрүнө коркунуч жаралган учурда 112 кызматына чалууну эскертти.
Аял кол чатыр менен кар жаган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жаңы жылда катуу суук болобу? Январга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0