Жаңы жылда катуу суук болобу? Январга карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАял кол чатыр менен кар жаган учурда. Архив
Аял кол чатыр менен кар жаган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жазылуу
Абанын айлык орточо температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Алай, Суусамыр өрөөндөрүндө нормадан жогору болот.
БИШКЕК, 16 дек — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 2022-жылдын январь айында күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүн Кыргызгидромет жарыялады.
© Фото / КыргызгидрометЯнварь айындагы абанын орточо температурасы
Среднемесячная температура воздуха по Кыргызстану в январе 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Январь айындагы абанын орточо температурасы
© Фото / КыргызгидрометЯнварьдагы жаан-чачындын орточо көлөмү
Среднемесячное количество осадков в Кыргызстане в январе 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Январьдагы жаан-чачындын орточо көлөмү

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, -2…-4, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -6…-8, түндүгүндө норманын чегинде туруп -5…-7 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан -8…-13кө чейин, күндүз -3...+2ден 7…12 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7, түндүгүндө түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -8…-13төн -15…-20га чейин, күндүз -3…-8ден 1…6 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (Чүй өрөөнүндө 25-28 мм, тоо этектеринде 12-22 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, -3…-5 болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден -8…-13кө чейин, күндүз -4…+1ден 6…11ге чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9га чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (17-19 мм).
Жылдыздуу асман. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2021
Кыргызстандыктар жаңы жыл алдында эки ирет жабыла учкан топ жылдызды көрүшөт

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градустан жогору болуп, 0…-2, тоо этектериндеги райондордо -2…-4 градус болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен -6…-11ге чейин, күндүз -1…+4төн 8…13кө чейин өзгөрөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан -9…-14кө чейин, күндүз -3…+2ден 5…10 градуска жетет.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 34-52 мм, тоо этектериндеги райондордо 25-29 мм).

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5дан жогору болуп, 0…-2, тоо этектериндеги райондордо -2…-4 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен -6…-11ге чейин, күндүз -1…+4төн 8…13кө чейин өзгөрүлүп турат.
Тоо этектериндеги райондордо жана Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан -9…-14кө чейин, күндүз -3…+2ден 5…10го чейин жетет.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 45-47 мм, тоо этектериндеги райондордо 39-74 мм, Токтогул районунда 23-25 мм).

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градуска жогору болуп, 0…-2, тоо этектериндеги райондордо -2…-4 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен -6…-11ге чейин, күндүз -2…+3төн 7…12 градус жылуулукка чейин жетет.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан -9…-14гө чейин, күндүз -3…+2ден 5…10 градуска чейин жылуу болот.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 14-16 мм, тоо этектериндеги райондордо 26-28 мм).
Өзгөн күрүчүнүн сыры. Жыйналгандан тарта дасторконго чейинки жолу видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Өзгөн күрүчүнүн сыры. Жыйналгандан тарта дасторконго чейинки жолу видеодо

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, -1…-3, чыгышында -5…-7 градус суук болушу мүмкүн.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан -8…-13 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Чыгышында кээ бир түндөрү -14…-19га чейин төмөндөшү күтүлөт. Күндүз -2…+3төн 5…10 градуска чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (2-9 мм, чыгышында 14-21 мм).

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, -13…-15, Кочкор районунда -7…-9 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -9…-14төн -18…-23кө чейин, күндүз 0…-5тен -6…-11ге чейин жетет. Ат-Башы районунда кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -25…-30, күндүз -10…-15 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (2-9 мм).

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, -13…-15 градус суук болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -8…-13төн -17…-22ге чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү абанын температурасы -25…-30га чейин төмөндөйт. Күндүз -2…-7ден -9…-14кө чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (19-21 мм).
Улуттук кийим жийген жигиттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Уят болбой кыргызча жаза аларыбызды текшеребиз. Тест

Чаткал өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде, -12…-14 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -11…-16дан -22…-27ге чейин, күндүз 0…-5тен -6…-11ге чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (36-38 мм).

Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, -19…-21 градус суук түшөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -10…-15тен -24…-29га чейин, күндүз -2…-7ден -9…-14кө чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -25…-30га чейин, күндүз -15…-20 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (16-18 мм).
Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Үшүк алганда биринчи иретте эмне кылбаш керек. Адистин эскертүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0