Кан тамыр хирургу Осмонов: варикоз бир заматта адамдын өмүрүн алып коюшу мүмкүн

© Фото / Медер АматовЖогорку категориядагы кан тамыр хирургу, медицина илимдеринин доктору, профессор, КРСУнун хирургия кафедрасынын башчысы Талгат Осмонов
Жогорку категориядагы кан тамыр хирургу, медицина илимдеринин доктору, профессор, КРСУнун хирургия кафедрасынын башчысы Талгат Осмонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Жазылуу
Варикоз дегенде улгайган же оор жумушта иштеген адамдардын дарты катары элестетебиз. Бирок варикоз жаш куракка карабайт.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жогорку категориядагы кан тамыр хирургу, медицина илимдеринин доктору, профессор, КРСУнун хирургия кафедрасынын башчысы Талгат Осмонов менен варикоздун кесепети тууралуу маектешкен.
— Варикоз эмнеден улам пайда болот?
— Адам баласында эки түрдүү кан тамыр бар. Артериялык кан тамыр жана веналар. Киши жана жаныбардын канын жүрөктөн дене ткандарына жеткирүүчү кан тамырлар — артерия (артериялар, артериолдор, артерия капиллярлары) жана андан кайра жүрөккө алып келүүчү кан тамырлар вена (веналар, вена капиллярлары) түтүктөрү болот. Артериялар кычкылтекке каныккан канды орган, мүчө жана ткандарга жеткирет. Ошентип жүрөк канды артериялар аркылуу буттун таманына чейин айдап барса, булчуң тарамыштары канды кайра жүрөктү көздөй сыгып отуруп өйдө чыгарат. Биз терең дем алганда канды өйдө көздөй сордуруп алабыз. Организмде ушундай керектүү механизмдер иштеп турат. Ал эми кан түз эле жүрөккө барыш үчүн веналардын ар бир 5-10 сантиметринде клапандар жайгашкан. Ошол клапандар аркылуу кан тепкич менен көтөрүлгөндөй, акырын жүрөккө барат. Ал эми варикоз буттарга күч келгендиктен улам пайда болот. Варикоз менен айрыкча көп баспаган, бир жерде жылбай отуруп же туруп иштегендер жабыркайт. Мисалы, токарь, слесарь, дүкөнчү, чачтарач, базарда отурган сатуучулар жана тигүүчүлөр. Акыркы учурда бул топтогуларга эки-үч сааттап компьютер тиктеп отурган кеңсе кызматкерлери да кирип калды. Мында кан тамырларга күч келип, венада кан уюп калгандыктан ал акырындап варикозго алып келет.
© Sputnik / Табылды КадырбековТалгат Осмонов: варикоз буттарга күч келгендиктен улам пайда болот. Варикоз менен айрыкча көп баспаган, бир жерде жылбай отуруп же туруп иштегендер жабыркайт.
Заведующий кафедрой хирургии КРСУ, доктор медицинских наук, профессор, сосудистый хирург высшей категории Талгат Осмонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Талгат Осмонов: варикоз буттарга күч келгендиктен улам пайда болот. Варикоз менен айрыкча көп баспаган, бир жерде жылбай отуруп же туруп иштегендер жабыркайт.
— Балтырдагы кан тамырлар томпоюп шишип калганын көрүп варикоз экен деп коебуз. Бирок ага чейин деле белгилери болот да?
— Кечинде бут ооруп, талыкшып калат. Буттагы кан тамырлар кичинекей жылдызча же торчо сымал болуп көрүнүп калат. Айрымдарыныкы салаңдап сыртка чыга түшөт. Оору ушундай жол менен башталат. Анан адамдар "балтырым ооруп калыптыр, кызыл ашыгымдын тегеретеси бир аз шишип турат" деп даттана баштайт. Күн суукта бул көп билинбейт. Күн жылууда кан тамырлар бир аз бошоп, шишиктери да көрүнө баштайт. Бул белгилер жайкысын дароо байкалат. Бут бат чарчап, жумуштан келгенде ооруксунуп калат. Ошондон улам бир жерден жылбай иштегендер эластикалык атайын байпак кийиши керек. Убагында дарылабаса веноздук жарага айланып, карарып же саргарып кетет. Анда дарылоо абдан узак убакытка созулуп кетет. Бутту ампутациялоого да алып барышы ыктымал.
— Варикоз тукум кууйбу?
— Жок, бул оору укумдан-тукумга өтпөйт. Ар бир адамдын кан тамырынын түзүлүшү өзүнчө болот. Кан тамырлардын күчтүү, же тескерисинче, алсыз болушу атадан-балага өтүшү мүмкүн, бирок варикоз тукум кууган оору эмес. Негизинен муну менен аялдар көбүрөөк ооруйт. Себеби аялзаты эне болот, көз жарат. Кош бойлуу кезде гормондор иштелип чыгып, ал төрөт жеңил болушу үчүн сөөктөрдү, муундарды, этти бошотот. Ошол гормон венага да таасирин тийгизет, ал бошоп, чоюлуп калат. Аял төрөгөндөн кийин да венанын талкаланган стенкасы ошол бойдон калып, кайра калыбына келбейт. Биринчи төрөгөндө вена чыкпайт, ал эми экинчи же үчүнчү жолу көз жарганда сыртка чыгып калышы толук ыктымал. Ошол себептен аялдар түйүлдүккө 2-3 ай болгондон баштап эле эластикалык байпак кийиши керек. Ал бутту кысып, канды өйдө айдап турат. Ал эми төрөп жаткан маалда бутта сөзсүз байпак болушу абзел. Ал веналарга күч келтирбейт.
© Фото / Медер АматовТалгат Осмонов: Кечинде бут ооруп, талыкшып калат. Буттагы кан тамырлар кичинекей жылдызча же торчо болуп көрүнүп калат. Кээде салаңдап сыртка чыга түшөт. Оору ушунтип башталат.
Заведующий кафедрой хирургии КРСУ, доктор медицинских наук, профессор, сосудистый хирург высшей категории Талгат Осмонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Талгат Осмонов: Кечинде бут ооруп, талыкшып калат. Буттагы кан тамырлар кичинекей жылдызча же торчо болуп көрүнүп калат. Кээде салаңдап сыртка чыга түшөт. Оору ушунтип башталат.
— Кээ бир адамдар буттун сырткы көрүнүшү бузулганын олуттуу дарт катары көрбөйт.
— Варикоздо бутка көп күч келет, демек, зыяны болот. Бул абдан олуттуу оору. Кеңейип, ийилип калган тамырдын ичинде кан жай айланып калат. Кээде адам уктап ойгонгончо эле ошол жерде тромб пайда болушу мүмкүн. Тромб пайда болору менен өмүргө коркунуч жаралат. Себеби ал үзүлүп кетсе дароо барып, жүрөктүн бир кан тамырын жаап калышы ыктымал. Көп киши ушундан улам каза болуп калат. Гинекологиялык, ортопедиялык, хирургиялык операция жасаарда врачтар дароо бутун карайт. Эгер варикозу болсо, аны дарылатып келүүгө жөнөтөт. Анткени бейтап операцияда бир сааттай жатканда эле кан тамырдын ичине кан уюп калышы толук ыктымал. Андан кийин операция ийгиликтүү болсо да эки-үч күндөн кийин тромб үзүлүп, киши өлүп калат. Экинчи варианты — варикозго көңүл бурбай операция жасатып койсо буттун кан айлануусу начарлап, бут карарып, андан жара пайда болот. Коронавирустук инфекциядан жапа чеккенден кийин варикоздук веналардын кооптуулугу күчөдү. Адам вирустан айыкса да кан коюуланган сайын тромбоз коркунучу сакталат.
— Кош бойлуу аялдардын шишип-көөп калган учурлары кездешет. Эгер варикозу бар болсо, аны дарылоо зарылбы же эластикалык байпак кийип жүрүп эле төрөп алганы жетиштүүбү?
— Варикоз пайда болору менен эле адам адиске, кан тамыр хируругуна кайрылуусу керек. Андан кийин ал бутка УЗИ жасатып, кан тамырлардын абалын, канчалык деңгээлде оору басканын текшерет. УЗИ бизде акыркы 10-15 жылда эле пайда болду, ал тромбдун бар-жогун, кан айлануунун абалын толук көрсөтөт. Андан кийин гана хирург операция жасоо керектигин же жөн эле дарыласа болорун айтат. Айрым учурда боюнда бар кезинде эле тромб пайда болуп калат. Аял киши биринчи баласынан бошонгон соң бутун да текшертип, экинчи баланы жарык дүйнөгө алып келгенге чейин варикозду дарылатып коюусу керек. Болбосо эки өмүргө тең кооптуулук жаралып калышы мүмкүн.
© Фото / Медер АматовТалгат Осмонов: Аял төрөгөндөн кийин да венанын талкаланган стенкасы ошол бойдон калып, кайра калыбына келбейт. Биринчи төрөгөндө вена чыкпайт. Ошол себептен аялдар түйүлдүккө 2-3 ай болгондон баштап эле эластикалык байпак кийиши керек.
Заведующий кафедрой хирургии КРСУ, доктор медицинских наук, профессор, сосудистый хирург высшей категории Талгат Осмонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Талгат Осмонов: Аял төрөгөндөн кийин да венанын талкаланган стенкасы ошол бойдон калып, кайра калыбына келбейт. Биринчи төрөгөндө вена чыкпайт. Ошол себептен аялдар түйүлдүккө 2-3 ай болгондон баштап эле эластикалык байпак кийиши керек.
— Операция жолдору тууралуу кененирээк айтып берсеңиз. Кандай хирургиялык ыкмалар сунушталат?
— Мурунку заманда салттуу хирургиялык жол менен гана операция жасап, венанын баарын алып салчубуз. Азыр жаңы ыкмалар кирди. Лазер аркылуу венанын ичине кирип, ошол жабыркаган тамырды ичинен эле күйгүзүп салышат. Ар кандай ыкмалар бар. Бул атайын аппараттын жардамы менен да жасалат. Илгери операция бир-эки саатка созулса, азыр беш миллиграмм новокаин куюп, 30-40 мүнөттө бүтүп калат. Мурда операциядан кийин бейтап бир жума ооруканада жатса, азыр дароо туруп эле үйүнө кете берет. Бирок жаңы ыкмаларга өкмөттүн акчасы жетпейт. Ошол себептен мамлекеттик ооруканаларда салттуу ыкма менен гана операция жасайбыз. Лазердик жана башка заманбап хирургиялык жолдор жеке менчик клиникаларда гана колдонулат. Кээде бейтаптар бизге аппаратты өздөрү сатып келип жасатышат.
© Sputnik / Медер АматовТалгат Осмонов: коронавирустук инфекциядан жапа чеккенден кийин варикоздук веналардын кооптуулугу күчөдү.
Заведующий кафедрой хирургии КРСУ, доктор медицинских наук, профессор, сосудистый хирург высшей категории Талгат Осмонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2021
Талгат Осмонов: коронавирустук инфекциядан жапа чеккенден кийин варикоздук веналардын кооптуулугу күчөдү.
— Варикозду дарылоо кымбат турабы? Анткени көбүнчө аймактардан келген айымдар кош бойлуу кезинде да барсайган варикоздору менен эч кайда көрүнбөй жүрө беришет эмеспи...
— Эми медициналык маданият, сабаттуулук деген түшүнүк бар. Аларга деле дарыгери "варикозуңду көрсөт, бул кооптуу" деп айтат. Бирок ага көңүл бурбайбыз. Көпчүлүк учурда "тигиники деле бар, ал деле эч нерсе болбой жүрбөйбү" деп этибарга албай коюшат. Бутта варикоз болгондон кийин жок дегенде эластикалык байпак кийип алуу керек. Азыр компромиссордук трикотаж байпактар да бар. Анын алды жагы тыкыс, үстү бош болуп канды өйдө айдап турат. Бул байпактарды улам жаңыртып туруу керек. Ал эми дары-дармек тууралуу айтсак, шарикти канча үйлөп кайра коё берсең, ал шалбырап калат. Кан тамыр да ошондой. Ал кайра өз калыбына келбейт. Бирок дарылар буттун шишигенин, талыганын таркатат. Дарыны алгач дарыгерге барып, УЗИ жасатып, анын көрсөтмөсү менен гана алуу керек.
© Фото / Медер АматовТалгат Осмонов: Гинекологиялык, ортопедиялык, хирургиялык операция жасаарда врачтар дароо бутун карайт. Эгер варикозу болсо, аны дарылатып келүүгө жөнөтөт.
Заведующий кафедрой хирургии КРСУ, доктор медицинских наук, профессор, сосудистый хирург высшей категории Талгат Осмонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Талгат Осмонов: Гинекологиялык, ортопедиялык, хирургиялык операция жасаарда врачтар дароо бутун карайт. Эгер варикозу болсо, аны дарылатып келүүгө жөнөтөт.
— Варикозу барларга кандай жумуштарды жасаганга болбойт? Мындай дарты бар адамдар өзүнө кандай кам көрүшү керек?
— Бейтаптын бир ишти жасоосуна каршы келген чектөө жок. Бардык эле жумушту жасай берсе болот. Болгону сиз бир орундан жылбай иштеген кесиптин ээси болсоңуз эластикалык байпак кийип алыңыз. Башкысы, буттун кан тамырларына күч келбесин. Оор көтөрүүгө да болот. Кайсы гана оору болбосун, дарыгерлер дайыма спорт менен машыгууга кеңеш берет.
Невропатолог, остеопат Жапарбек Жекишов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2021
Атлант омуртканы массаж менен түздөөгө болбойт. Остеопат Жекишевдин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0