100 миң сомго чейин. Кыргызстанда айдоочуларга эми кандай айыптар салынат

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкери. Архив
Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Жазылуу
Жаңыдан күчүнө кирген кодекстерге ылайык жол эрежелерин бузган автомобилчилерге кандай айыптар салынарын Sputnik Кыргызстандын бул материалынан окуңуздар.
Бул айда дароо үч — Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза, Укук бузуулар жөнүндө, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстери күчүнө кирди. Sputnik Кыргызстан документтерге көз жүгүртүп, арасынан жол эрежелерин бузууга тиешелүү негизги беренелерди топтоду.
Көп учурлар боюнча айыптын көлөмү мурдагыдай эле калды, анткен менен жаңы кодекстерде бир катар маанилүү өзгөрүүлөр бар экенин белгилей кетели. Айтмакчы, макалада автонун ремонту, жолдун абалына жана оңдоо иштерине жооптуу диагностикалык борбор, органдар, ошондой эле кооптуу жүк, маселен, эл аралык автомобилдик жүк ташуу эрежелерине тиешелүү жоболор камтылган жок. Кеп айдоочулар жана жүргүнчүлөр тууралуу гана болот.
Адегенде КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине токтололу.
Эгер кандайдыр бир мандеми бар машина айдасаңыз:
Айдоого тыюу салынган техникалык мүчүлүштүктөрү бар унааңыз менен жолго чыксаңыз, бул кылыгыңыз үчүн 5,5 миң сом айыпка жыгыласыз;
Милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн транспорттук каражатты айдап жүрсөңүз, капчыгыңыз 3 миң сомго жукарышы ыктымал;
Автону каттоо тартибин бузган айдоочуга миң сомдук айып салынат. Ушундай эле көлөмдөгү айып унаа номерин тагуу эрежелери бузулганда да бар экенин эстен чыгарбаңыз;
Машинада эч кандай номер тагылбай же кандайдыр жол менен жашырылган болсо, анда айдоочуга 10 миң сом айып салынышы мүмкүн;
Мыйзамда талап кылынгандай коопсуздук кемерин такпастан же мотошлем кийбестен унааңыз менен жолго чыксаңыз, 1000 сом төлөп каларыңызды көңүлгө түйүңүз.
Эгер документиңиз жок рулга отурсаңыз:
Тийиштүү категорияга ылайык айдоочулук күбөлүгү же каттоо документтери жок автону айдаган айдоочуга миң сом айып салынат;
Машина айдоого уруксатыңыз жок туруп рулга отурсаңыз же унааңызды ушундай эле абалдагы башка бирөөнө берсеңиз, аталган кодексте мындайга 5,5 миң сом айып каралган;
Эске алыңыз: жогорудагы үч жобо тең автомектептерде унаа айдоону үйрөнүп жаткандарга тиешеси жок.
Ыйгарым укуктуу кызматкердин талабын аткарбай, токтобой кетсеңиз:
Айдоочу ички иштер же транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин унааны токтотуу талабын аткарбай кетсе, ага 5,5 миң сом айып жазылат.
Эгер жараксыз документ көрсөтсөңүз:
Айдоочу жараксыз айдоочулук күбөлүгүн көрсөткөн болсо, анда бул үчүн 10 миң сом айып пул салынат. Ал эми автону каттоо жөнүндөгү документиңиз жараксыз (автону мамлекеттик каттоо утурумдук токтотуу) болсо, анда айып пулдун өлчөмү 5 миң сомго чейин жогорулайт.
Эгер унааны катуу айдасаңыз:
Ылдамдыкты саатына 10 чакырымдан ашырып, бирок 20 чакырымга жеткирбеген болсоңуз 1 миң сом;
Саатына 20 чакырымдан катуу, бирок 40 чакырымдан ашырбасаңыз, 3 миң сом;
Саатына 40 чакырымдан жогору, бирок 60 чакырымга жеткирбесеңиз, 5,5 миң сом;
Саатына 60 чакырымдан ашырган айдоочулар 7,5 миң сом айыпка жыгылат.
Эгер жол кыймылынын төмөнкү эрежелерин бузсаңыз 1000 сом айыпка жыгыласыз:
Жол белгилери же чийиндеринин талаптарын аткарбаса (каршы тилкеге чыгуу менен озуп өтүү же бурулуу эрежелерин бузуудан тышкары);
Токтоо же токтоп туруу эрежелери сакталбаса;
Жол жүрүүдө коопсуз аралыкты, интервалды сактабай же айдап бараткан автонун тилкеде жайгашуу же магистралдар эрежелерин бузса;
Жол белгилери же чийиндери, жол чырагынын жарыгы же жолдогу жөнгө салуучу кыймылга тыюу салганы этибарга алынбаса;
каршы тилкеге чыкпай туруп кууп өтүү же бурулуу эрежелери бузулса;
тышкы жарык жабдыктары же эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелери (күндүз калк жашабаган конуштарда жарыкты жандырып айдоо талабынан сырткары) аткарылбаса.
Айдоочуга төмөнкү учурларда 3 000 сом айып пул жазылат:
Кесилиштерден өтүү эрежелери бузулса, жол чырагынын токтоп туруу сигналы жанып же жол кыймылын жөнгө салуучу тыюу салган маалда айдап кетүүдө;
Токтоо жана маршруттук транспорт үчүн тилкеде туруу эрежелерин бузса;
Унаа айдоону үйрөтүү эрежелери бузулса;
Жөө адамдар үчүн чийинден өтүү эрежелерин бузса, андай жерде жөө жүрүүчүлөргө артыкчылык берилбесе;
Тротуарларга, жөө жүрүүчүлөр же велосипед жолуна өтүп кетсе;
Жүк ташуу же транспорт каражаттарын сүйрөтүү эрежелери бузулса;
Айдап баратып байланыш каражаттарын колдонуу эрежелери сакталбаса, эгер унаа колду узатпастан сүйлөшүүгө мүмкүндүк берген техника менен жабдылбаса (ыкчам кызматтык милдеттерди аткаруучу атайын транспорттун айдоочуларынан тышкары);
Унаа жолдоруна таштанды же башка бир нерсени ыргытып (таштап, үйүп же өрттөп) салганда (бул жобо айдоочуларга гана эмес, жалпыга тиешелүү).
5,5 миң сом көлөмүндөгү айып:
Каршы тилкеге чыгып айланып өтүү же бурулууда эрежелерди бузган;
Коомдук транспортко артыкчылык бербей, анын ичинде жалпы пайдалануудагы унаалар токтоочу аялдамаларынан өтүү талаптарын аткарбаган;
Авто кыймылдаткычынын иштетилген газды бөлүп чыгаруу тутумун кайра жабдыган же анын добушун күчөтүүчү жабдык орноткон айдоочуга салынат.
Эгер айдоочу атайын жарык жана эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузса, 10 миң сом айыпка жыгылат.
Автоээнбаштык кылсаңыз:
Автоээнбаштык – айдоочунун коомду сыйлабастыгын даана көрсөткөн жоруктарга атайын барышы, коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын (авто жарыштар, жол кыймылы үчүн белгиленбеген жерде ар кыл түрдөгү көрсөтмө унаа айдоо жана башка ушул өңдүү көрүнүштөр) бузушу. Мындай жосундар 7,5 миң сом менен жазаланат.
Эгер жол эрежеси айдоочу тарабынан бузулбаса:
Жол эрежелери жөө, велосипедчен, мал же араба айдаган киши тарабынан бузулса, эскертүү берилип же 1 000 сомго айыпка жыгылат. Бул беренедеги айып пулдун өлчөмү өзгөргөн жок. Анткен менен аталган кодекстин мурдагы вариантында ушул эле жагдай, бирок эреже бузуучу мас абалында болсо, жоопкерчилик өзүнчө пунктта белгиленип, 3 миң сом айып тарта турганы жазылган эле.
Эгер кечиктирилгис жагдайларда унааңызды бербей койсоңуз:
Айдоочу шашылыш учурларда ички иштер органы, улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү же медициналык кызматкерге унаасын бербей койсо, ага 3 миң сом айып салынат.
Эгер жол кыймылынын башка эрежелери бузулса:
Кодексте камтылбаган учурларда жол эрежесин бузууга 1 миң сом;
Жол эрежелерин бузуп, анын кесепетинен авто, жүк, жол, көчө, темир жол тилкеси, жолдогу орнотмолор же башка мүлктөргө зыян келсе, айдоочу 5,5 миң сом айып тартат;
Жол эрежесин бузуу адамдын саламаттыгына залал келтирип, бирок айдоочунун аракеттеринде кылмыш белгилери болбосо, анда 10 миң сом айып пул каралат (мурдагы кодексте бул жобо камтылган эмес);
Эрежелерди бузууда жол кырсыгына катышкан айдоочу кырсык болгон жерден кетип калса, бирок кылмыш белгилери байкалбаса, жаңы кодексте мунун жазасы 10 миң сомду түзөт.
Кызуу абалда унаа айдоодо:
Машинаны мас абалында (алкоголь болобу, баңгизат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттарбы) айдаган айдоочу 17,5 миң сом айып пул төлөп же 30дан 40 саатка чейинки коомдук иштерге тартылат. Ушундай эле жоопкерчилик мас абалын күбөлөндүрүүдөн баш тарткан айдоочуларга да каралган.
Эгер айдоочу жыл ичинде кайрадан кызып алып кармалса, 20 миң сомго айыпка жыгылып же 40 саатка коомдук иштерге тартылып, болбосо 3-5 суткалык мөөнөткө камакка алынат. Бул – жаңы кирген жобо;
Айдоочу рулга мас абалындагы же ошол автону айдоого укугу жок кишинин отурушуна жол берсе, мыйзамга ылайык 15 миң сом айып тартат;
Ушул кадам кокустук менен адамдын ден соолугуна зыян келтирип, бирок эреже бузган кишинин аракеттеринде кылмыш белгилери байкалбаса, буга 20 миң сом өлчөмүндөгү айып пул же 40 сааттык коомдук иштерге тартуу, же 3-5 суткага камакка алуу каралган.
Бул дагы жаңы кирген жоболордон.
Эгер унааңызды уруксатсыз кайра жабдыган болсоңуз:
Тийиштүү макулдук албастан кайра жабдылган машинаны айдаган жеке жактарга 5,5 миң сом, ал эми юридикалык тараптарга 17 миң сом айып салынат. Бул автомобилдин конструкциясында каралбаган кошумча жабдууну орнотууга да тиешелүү.
Унаанын тышына ыкчам кызматтардын түстүү графикалык атайын схемаларын тартып, чаптап алуу же атайын добуш жана жарык сигналдарын мыйзамсыз коюп алууга да жеке жактарга 5,5 миң сом, ал эми юридикалык тараптарга 17 миң сом айып салынары жазылган. Ошону менен бирге эле унаадагы мыйзамсыз жазууларды өчүртүп, чапталган сүрөттөрдү сыйрытып салышат.
Автонун маңдайкы жана капталдагы айнектерин караңгылатуу, мейли өндүрүштүк, мейли кол менен болсун, 5,5 миң сом айып төлөөгө аргасыз кылат. Каптал же алдыңкы терезелерге унаа пардасы тагылып жана чагылышкан караңгылаткыч чапталса да ушундай суммадагы акчаңыздан ажырайсыз;
Айнектерди караңгылатуу Бажы биримдигинин Техникалык регламентиндеги талаптарга шайкеш келиши шарт. Ошону менен бирге эле бул жобо бир катар атайын унааларга, маселен, соттолгондорду ташуучу кызматтык автолорго тиешелүү эмес;
Каттоо документтериндеги жазууларга дал келбеген идентификациялык номерлүү автомобиль айдоого да, ошондой эле идентификациялык номерлерди жок кылуу жосуну үчүн да 5,5 миң өлчөмүндө айып салынат.

Кылмыш-жаза кодексинде автомобилчилерге кандай айыптар каралган?

Эгер кырсык оор кесепеттерге кептесе:
Айдоочу атайылап же этиятсыздык менен жол эрежесин бузуп, бул жосун адамдын ден соолугун катуу жабыркатса, эки жылга чейин ал белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 20 миңден 50 миң сомго дейре айып төгүүгө тийиш;
Этиятсыздык менен саламаттыкка оор залал келтирилсе, анда айдоочу 100 миңден 200 миң сомго чейинки айыпка жыгылат. Эки жылга чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же бир иш менен алектенүү укугунан жана беш жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасы да бар;
Эгер кеп өзгөчө оор залал тууралуу жүрсө, анда жаза катаалдап, беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен, ошону менен бирге эле белгилүү бир кызматтарды ээлөө же бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейин ажыратылат;
Эки фактор тең — ден соолукка өзгөчө доо кетирип жана машинаны айдоодо мас абалында болгону аныкталса, айыпкер сегиз жылдан он жылга чейин кесилип жана белгилүү бир кызматтарды ээлөө же бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейин ажырайт.
Эгер унааны мас абалындагы кишинин айдоосуна жол берилсе:
Айдоочу рулга мас абалындагы же ошол автону айдоого укугу жок кишинин отурушуна уруксат берип, ал эми бул этиятсыздык менен оор зыянга учуратса, мыйзамда эки жылга чейин белгилүү бир кызматтарды ээлөө же бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен бирге 20дан 50 миң сомго чейин айыпка тартылат;
Ушундай эле, бирок этиятсыздык менен кесепети өзгөчө оор зыянга кептесе, бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылып же 50 миңден 100 миң сомго чейин айып төлөп, же эки жыл белгилүү бир кызматтарды ээлөө же бир иш менен алектенүүгө тыюу салынып же бул жаза камтылбастан эки жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылат.
Эгер айдоочу тарабынан эреже бузулбаса:
Жүргүнчү, жөө киши же кыймылдын башка катышуучусу кыймылдын же транспортту колдонуунун коопсуздук эрежелерин атайын же этиятсыздык менен бузса, ал эми бул олуттуу кесепетке кептесе, мындай учурда 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып салынат;
Оор зыянга учураткан ушундай эле жосун үчүн эки айдан бир жылга чейинки мезгилге түзөтүү жумуштарына тартылып же 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул каралат. Же эки жыл белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же бир ишти аркалоо укугунан ажыратуу же бул чара камтылбастан эки жылдык мөөнөткө кесилет.
Жолдогу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2021
Жол эрежесин бузуу: бардык эле айыптарды төлөөдө 70 пайыз арзандатуу болбойт
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Айдоочу кайсы учурда камалышы мүмкүн: жаңы кодекстен түшүндүрмөлөр
Жаңылыктар түрмөгү
0