Жол эрежесин бузуу: бардык эле айыптарды төлөөдө 70 пайыз арзандатуу болбойт

© пресс-служба мэрии города БишкекЖолдогу унаалар. Архив
Жолдогу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2021
Жазылуу
Тартип бузуу боюнча жаңы кодексте айып пулду төлөөдө жеңилдик каралган, бирок бул жарым айдын ичинде аткарылышы керек.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Эми жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айыптардын баарын эле 70 пайызга чейин жеңилдик менен төлөөгө болбойт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Мекеме муну 1-декабрдан тарта Кылмыш-жаза, Кылмыш-процессуалдык жана тартип бузуу жөнүндөгү кодекстердин күчүнө кириши менен байланыштырды.
Бишкек милициясынын кайгуул кызматынын мониторинг бөлүмү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021
Кайсы жол эрежесин бузган айдоочу 5,5 миң сом айыпка жыгылат? Жаңы кодекс
ЖКККББ август айында Мыйзам бузуу жөнүндөгү кодекстин беренелерин бузгандыгы үчүн декабрь айынын башына чейин айып пулдун өлчөмүн 1 000 сомдон 300 сомго чейин төмөндөтүүнү караган мыйзам кабыл алынганын эске салды.
Кыскасы, ылдамдыкты жогорулатуу, маркировкалоо талаптарын бузуу жана унаа айдап бара жатканда коопсуздук курун тагынбоо үчүн азыраак айып төлөөгө мүмкүн. Акция 31-декабрга чейин күчүндө болушу керек болчу. Бирок жаңы кодекстер күчүнө кирип, эми айыптарды төлөө системасы кандай иштей турганын ЖКККББ түшүндүрдү.
"Эгерде айдоочуга, маселен, эски мыйзам боюнча 29-ноябрда айып пул салынып, ал токтомду декабрдын аягында алса, анда ал айыпты бир айдын ичинде, башкача айтканда, январдын аягына чейин 70 пайыз арзандатылган шартта төлөй алат. Ага карата эски мыйзам иштейт. Эгерде мыйзам бузуу декабрда болсо, анда ал айып пулун жаңы мыйзамдарга ылайык төлөшү керек болот. Мындай учурда 15 күндүн ичинде бир катар мыйзам бузуу үчүн айып төлөөгө жеңилдик берилет. Кандай болгон күндө да өтө эски айыптарды жеңилдик менен төлөө мүмкүн эмес, анткени белгиленген бир айлык мөөнөт бүтүп калды", — деп түшүндүрдү ЖКККББ.
70 пайыздык жеңилдик каралган мыйзам бузуунун тизмеси:
  • белгиленген ылдамдыктан ашкан айдоочулар;
  • тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү же автоунааны каттоо документи жок адамдын автоунааны башкаруусу;
  • айдоочу тарабынан ички иштер жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин талаптарын токтотуу талабын аткарбоо;
  • техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам эксплуатациялоого тыюу салынган автоунааны айдоо;
  • транспорт үчүн милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн автоунааны айдоо;
  • транспорт каражатын каттоонун тартибин бузуу;
  • унаанын номерин коюу эрежелерин бузуу;
  • мотошлем же коопсуздук курун колдонуу эрежелерин бузуу;
  • диагностикалык борборлор тарабынан техникалык кароодо өз функцияларын талаптагыдай аткарбагандыгы, техникалык регламенттерди сактабагандыгы жана мыйзамсыз аракеттерди жасагандыгы;
  • жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү маалым катысыз жол кырсыктарына себеп болуучу бузулган жерлери бар автоунаада оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү;
  • жол белгилеринин, жол чийиндеринин талаптарын сактабоо;
  • кесилиштерден өтүүнүн же жол чырактын тыюу салган белгиси же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын тыюу салган көрсөтмөсүн бузуу;
  • автобейбаштык;
  • жөө баскан адамдын, велосипедчинин, жаныбарларды айдаган адамдын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу;
  • чукул учурларда машина менен камсыз кылбоо;
  • ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусуз кайра жабдылган автоунааны айдоо;
  • тышкы беттеринде ыкчам кызматтардын автоунааларынын атайын түстүү-графикалык схемалары мыйзамсыз колдонулган же атайын үн жана жарык сигналдары орнотулган транспорт каражатын айдоо;
  • маңдайындагы жана алдыңкы эшиктеринин каптал айнектери караңгылатылган, колдо жасалган пардалар же башка буюмдар менен терезелери караңгылатылган автоунааны башкаруу.
Жаңылыктар түрмөгү
0