Сахнада 48 жашка чейин бийледим. Балерина Айсулуу Токомбаева менен маек

© Sputnik / Александр ФедоровБалерина, СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаева. Архив
Балерина, СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2021
Жазылуу
СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаева 30 жылдай сахнада бийлеп, өмүрүн кыргыз балетине арнаган. Ал акыркы 26 жылдан бери Түркияда жашап-иштеп, мекенден алыс жаштарга билим берип келет.
Белгилүү балерина менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Биздин баарлашууну сиздин балалыгыңыздан, окуучулук кезиңизден баштасак. Алгач ата-энеңиз жөнүндө айта кетсеңиз.
— Менин балалыгым оор жылдарга туш болуп, ал кезде адамдар эптеп аман калуунун гана жолун издеген. Сиңдим экөөбүз чуркап барып нанга кезекке турчубуз, азык-түлүк тартыш, бутка кийгенге эч нерсе жок болчу. Атам окуучулардын математика боюнча китебин кыргыз тилине которуп, редактор, басмаканын директору болуп иштеген. Азыр эстесем, биз кичинекей кезибизде ал "Манас" эпосун басып чыгаруу ишине да аралашып, бир нече айлап Москвада жүрдү. Ал жактан түрдүү китептерди ала келген. Кыргыз акын-жазуучулары менен жакын мамиледе болуп, үйгө алардын жаңы эле басмаканадан чыккан чыгармаларын көтөрүп келип калчу. Мен ошол өзгөчө жыты бар китептерди колума алып, түрдүү адабияттарды окууга кызыгуум башталган. Кийин атам мамлекеттик кызматты аркалап, "Советтик Кыргызстан" гезитинин редактору болгон. Апам экөө мага беш жашымда эле жазганды, окуганды үйрөткөн. Үйдө жаңы китептердин пайда болушу сиңдим экөөбүздүн ар тараптан өнүгүүбүзгө чоң таасир эткен. Кичинекей кезибизде бала бакчага барбагандыктан апам бизди театрга репетицияга ала барчу. Биз ошентип музыкага, театрга акырындап жакындаганбыз.
© Фото / предоставлено Айсулуу ТокомбаевойТокомбаева: кичинекей кезибизде бала бакчага барбагандыктан апам бизди театрга репетицияга ала барчу. Биз ошентип музыкага, театрга акырындап жакындаганбыз
Народная артистка СССР Айсулуу Токомбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2021
Токомбаева: кичинекей кезибизде бала бакчага барбагандыктан апам бизди театрга репетицияга ала барчу. Биз ошентип музыкага, театрга акырындап жакындаганбыз
— Ата-энеңиз ошол учурдагы интеллигенция өкүлдөрү болгон экен да?
— Ооба, атам басмакананын директору болгондуктан үйдөн акын-жазуучулар үзүлчү эмес, биз да алардыкына мейманга барчубуз. Кичинекей болгонубузга карабай алардын кебин угуп, батасын алып калдык.
— Сиз 11 жашыңызда Ленинград шаарындагы хореографиялык окуу жайына тапшырып, үйдөн алыс билим алган экенсиз. Секелек кыз ал окуу жайга кантип өтүп кеткен?
— Атам менен энем менин ырчы же пианист болушумду каалашчу. Ленинград шаарындагы училищеге өтүп кеттим десем экөө тең каршы чыгышкан. Ал кезде үч айдан бери Жылдыз Малдыбаева экөөбүз 1958-жылы Москвада өтө турчу Кыргыз искусствосу жана адабиятынын декадасына катышуу үчүн музыкалык училищеде даярданып жатканбыз. Ошол маалда мен сыртка билим алганы деле эмес, башка шаарларды көрүш үчүн кеткем. Анткени ал кезде дүйнөнү кино аркылуу гана көрчүбүз. Ленинградга окууга кеткенден кийин ата-энемди сагынып куса болуп жүрдүм. Аларга бат-баттан кат жазганым азыркыга чейин эсимде. Апам өз катын дайыма "Алыскы күнөстүү Кыргызстандан салам" деп баштачу. А мен аябай суук, жарым жылдай күн тийбеген, туман каптаган жерде окуп, жашадым. Биз баарыбыз интернатта жашагандыктан группабызда тажик, хакас улутундагы 25 классташым бар болчу. Жума сайын дарыгерлер бизди текшерип турчу. Ал шаардын турмушу, архитектурасы, училищедеги сабактарым өтө кызыктуу болду. Окуган жайыбыз, мугалимдерибиз да мыкты билим берген.
© Sputnik / Александр ФедоровТокомбаева: мен Чолпонбек жөнүндө бир нече саат кеп кылышым мүмкүн. Анткени экөөбүз 25 жылдай бирге бийлеп, сахнада бир дем менен жашадык
Балерина, Народная артистка СССР Айсулуу Токомбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2021
Токомбаева: мен Чолпонбек жөнүндө бир нече саат кеп кылышым мүмкүн. Анткени экөөбүз 25 жылдай бирге бийлеп, сахнада бир дем менен жашадык
— Аны бүтүп келип эле театрга ишке алынып, кийин 30 жылга чукул бийлеген экенсиз. Ошол учурда маданиятка кандай мамиле болгон?
— Мен 1966-жылдан баштап сахнага чыга баштадым. Ал кезде Кыргызстанга СССРдеги мыкты композитор, балетмейстер, чыгармачыл топтор келип турчу. Андан сырткары, бизди башка союздук республикаларга же чет өлкөгө тажрыйба алмашканга эки жылга жөнөтчү. Гастролго каякка барбайлы, жакшы кабыл алышчу. Баарынан да италиялыктар күлүп-жайнап, кол чаап тосуп алды. Бир жолу Швейцарияга барганда Болот Миңжылкыев, Токтоналы Сейталиев, Кайыргүл Сартбаева ырдап, Чолпонбек экөөбүз бийлегенде театрдын директору "силерди азыр эле жумушка алганга даярмын" деп келген. Биз "мекенге кетебиз" деп жооп бергенбиз. Акыркы жолу сахнага 1995-жылы чыгып, 48 жашка чейин бийледим.
— Сахнага чыгып бийлегенде жаракат алган же чыгарманы аткарууга ыңгайсыз болгон учурлар болду беле?
— Уран Сарбагышев менен узак убакыт иштешип, бир топ спекталь, балетте бийледим. Бир жолу режиссер Мелис Асылбашевдин "Кармен-сюита" балетинин репетициясында Чолпонбек Базарбаев экөөбүз оор ыкмаларды жасап жатканбыз. Бир маалда анын колунан кулап ийним менен роялга тийгем. Ал күнү кечинде көрүүчүлөрдүн алдына чыкмакпыз. Сахнада бийлеп баштаганда эле сол колум аябай ооруп, эптеп аягына чейин чыдагам. Анан түн ортосунда чыгып кеткен сөөктү ордуна сала турган адамга барсак, мойнумдагы нерв кысылып калганын айтып, ары-бери толгоп атып калыбына келтирген. Андан сырткары, бутумду туура эмес кыймылдата коюп чыгарып алгам. Жаштыктын илеби менен театрдан чыгып үйгө аксап келгенче бутум шишип кеткен. Эртеси күнү дарыгерге барып үч жума дарылангам. Ошондон баштап репетицияга же сахнага чыкканга чейин көнүгүүлөрдү жасап, денени даярдап калгам.
СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева үй-бүлөсү менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Кайыргүл Сартбаеванын уулу: театрдагы интригалар апамды ыйлатып, жүрөгүн оорутчу
— Кыргыз балети жөнүндө кеп кылганда Бүбүсара Бейшеналиеваны да эскере кетпесек болбойт, аны менен бирге иштешип калдыңызбы?
— Мен төрөлгөндөн баштап эле театрда чоңойдум да. Эски театр азыркы Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын ордунда эле. Биз тегерегинде ойноп, сейилдеп өстүк. Бир күнү театрдан чыгып бара жатсак Бейшеналиева келе жатыптыр. Апам чарчаган балеринага кезигип калса кеп-кеңешин аячу эмес. Мен окуу жайды бүтүп театрга келгенден кийин 1966-жылы "Асел" балетин коюп баштаганда узак убакыт үч курам бийледи. Биринчисин Бүбүсара Бейшеналиева, экинчисин Рейна Чокоева, мен үчүнчүсүндө болдум. Мындайча атканда, биздин жолубуз, чыгармачылыгыбыз бир болгон. Польшага гастролго барып келгенден кийин эле ооруп жүрдү. Ошентип залкар талант бул дүйнөдөн эрте кетти.
© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүТокомбаева: атам менен энем Ленинград шаарындагы училищеге өтүп кеттим десем экөө тең каршы чыгышкан
Сцена из балета Калыя Молдобасанова Материнское поле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2021
Токомбаева: атам менен энем Ленинград шаарындагы училищеге өтүп кеттим десем экөө тең каршы чыгышкан
— Сиз узак убакыт бою Чолпонбек Базарбаев менен сахнага чыкканыңызды билебиз. Ал таланттуу адамды эскере кетсеңиз?
— Мен Чолпонбек жөнүндө бир нече саат кеп кылышым мүмкүн. Анткени экөөбүз 25 жылдай бирге бийлеп, сахнада бир дем менен жашадык. Көптөгөн мамлекеттерге барып, бир топ театрдын сахнасында бийлеп бири-бирибизди кесиптеш катары колдоп жүрдүк. Анткени балетте сахналашына ишеним жана бири-бирине колдоо болушу керек. Ал жылдары эркектерден Уран Сарбагышев, Берик Алимбаев, Бактыбек Арунов бийлеп акырындык менен сахнадан кете башташкан. Ошол жылдары Сарбагышев Чолпонбек экөөбүздү сахнага бирге чыгарып, чогуу иштөөгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Ал да дайым биринчи болуп, мыкты болгонго талпынып турчу. Москвага барып калганда да ал жактагы артисттердин бийине, кыймыл-аракетине жөн турбай көз салып турчу. Өзүнөн көп нерсени талап кылчу, көп эмгектенип жакшы жыйынтыктарды көргөзчү. Ал менин сахнадагы колдоочум, ишеничтүү өнөктөшүм болду.
— Жеке жашооңуз жөнүндө сөз кылсак, жолдошуңуз менен кантип таанышып бирге түтүн булатып калгансыз?
— Биз курбу кызым турмушка чыкканда таанышканбыз. Ал жакка болочоктогу жолдошум үйлөнгөн жигиттин тууганы болуп барган. Ал спектаклдерге келип, апам менен таанышып, экөө кызуу баарлашчу. Чындыгында эле ал билимдүү, интеллекти жогору болчу. Биз баш кошкондо ал Долборлоо институтунда иштечү. Жумуштан чыгып алып мени театрдын алдында күтүп турчу. Спектакль кеч бүтчү, жолдошум мен жуунуп, кийинип чыкканга чейин күтчү.
© Фото / предоставлено Айсулуу ТокомбаевойСССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаева 30 жылдай сахнада бийлеп, өмүрүн кыргыз балетине арнаган
Народная артистка СССР Айсулуу Токомбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2021
СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаева 30 жылдай сахнада бийлеп, өмүрүн кыргыз балетине арнаган
— Сиздин Кыргызстандан кетүүңүзгө эмне түрткү болгон. Убагында ал чечимди кабыл алуу оңой болбосо керек?
— Андай чечимди кабыл алууга моралдык жактан даяр болчумун. 30 жылдай сахнага чыгып жүрүп кээде чет өлкөдө сабак берүүнү пландап калчумун. 1990-жылдардын башында Кыргызстан көз карандысыз болгондон тарта Түркия менен мамилебиз жанданып, ал жакта уюштурулган маданият күндөрүнө катышып калгам. Ал жылы мурдагы советтик республикадан эки-үч мугалим бар болчу. Кыргызстандыктардан менден башка Талант Осмонов да келинчеги менен келип мугалимдикти аркалаган. Көпчүлүгүбүз материалдык жактан кыйналгандыктан мекенден кеткенбиз. Азыр ал жакта Кыргызстандан бешөөбүз сабак беребиз. Мекенден алыс жүргөндө колдон келишинче кыргызстандыктарга, маданиятыбызга жардам бергим келет.
Невестка известных актеров Рыскулова и Кумушалиевой Клара Ниязалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Сабира Күмүшалиеванын келини: кайненем экөөбүз дароо ынак болуп кете албадык
Композитор Адылбек Кыязов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2021
Баянды эшиктин жыртыгынан шыкаалап, кайтарып... Композитор Адылбек Кыязов менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0