COVID статистикасы: 29 адамдан вирус табылып, эки кыргызстандык көз жумду

© AP Photo / Tatan SyuflanaМедициналык кызматкер ооруканада. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 184 123кө жетти. Анын ичинен 179 205 адам дартты жеңген.
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Өткөн суткада 29 киши коронавирус жугузуп, 39 бейтап сакайып кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлады.
Жугузгандар:
Бишкек шаары – 16;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 7;
Ош облусу — 1;
Нарын облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 3.
Айыгып чыккандар ооругандарга караганда көбүрөөк, акыркы 24 саат ичинде 39 киши сакайды.
Тилекке каршы, оорудан эки киши каза болду, алардын бири Бишкек шаарынын, экинчиси Талас облусунун тургундары экени айтылды. Ушуну менен вирустан көз жумгандардын саны өлкө боюнча 2 779 болду.
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
ДССУ: "омикрон" эки аптага жетпей дүйнөгө жайылып кетиши мүмкүн
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 184 123кө жетти. Анын ичинен 179 205 адам дартты жеңген.
Азыркы тапта өлкө боюнча 651 бейтаптын коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Алардын 303ү ооруканада болсо, 348 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда.
Областная университетская больница в Бресте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Унутчаак болуп, айтчу сөзүн таппай калат. COVID-19дун мээге таасири
Жаңылыктар түрмөгү
0