Байден эмне себептен Россияга каршы коалиция топтой албады? Сереп

© REUTERS / Evelyn HocksteinПрезидент США Джо Байден
Президент США Джо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жазылуу
"Демократия үчүн саммит" жыйынтыкталды. Дүйнөлүк маалымат каражаттары бул окуя алдында эмне деп жазгандарын бир эстеп көрөлүчү. Эмоцияга жык эле. Биринчи эле кезекте америкалык демократтар өздөрүн өздөрү туңгуюкка кептегенин белгилешти.
Эгер баарын (таанылган жана таанылбаган 200 чакты мамлекетти) тизмелей келсек, бул бүтүндөй БУУ чыгат. Ал эми "патенттелген" демократтарды сапка тизсек, авторитардык дүйнөнүн арасындагы бир топ болот. Абалга сереп салган макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Иш-чарага чакырылгандардын тизмеси абдан кызык. Азия мамлекеттеринин арасынан, маселен, чуулгандуу президенти бар Филиппинге кабарлап, бирок кыйла батышчыл деп саналган Сингапурду чакырышпаганы кызык. Чакырылбаган Россия менен Кытайда бул иш-чараны "дүйнөнү бөлүп-жарып, чатак чыгарууну каалашкан, көздөгөнүнө жетишти" деп мүнөздөлдү.
Саммиттин альтернативдик демилгесин Politico басылмасы супердемократтарга сөз берүү менен жакшы чагылдырыптыр. "Байдендин саммити демократияны куткара албайт. Аны оңдоонун 18 жолу" деген аталышы эле көп нерседен кабар берет. Баары бир ооздон Американы тилдеп, демократиянын душмандарын эмнеге жетиштүү түрдө жазалабайт, бул үчүн акча жана авиаташуучу бербейт деп айыпташкан. Баса, Байден деле ушул ойду – демократияны калыбына келтирүүнү АКШнын өзүнөн баштоо керектигин айткан.
АКШнын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Алаңгазарлыкка алдырып... Согушту көксөгөндөр барбы?
"Туура баалуулуктардын" насаатчылары авторитардык деп тааныган өлкөлөрдүн саны өсүүдө. Ошол эле учурда минтип наалыгандардын кебинен эч кандай майнап чыкпайт. Ошондуктан АКШдагы демократтардын өкмөтү бул саммитти жаңыртылган альянс тибиндеги пайдалуу бир нерсеге карай алгачкы кадам деп эсептейт.
Бир жылдан кийин бул "туура" адамдарды кайра чогултушат, ошондо баары тагыраак болот. Ошону менен бирге эле меймандардын тизмеси да такталат. Ал эми азырынча АКШ администрациясы "лидерлигин" көрсөтүү ниетинде саммитке эл аралык программалар топтомун камдаган. Айрымдарына эбак каражат да бөлүнгөн экен. Жалпысынан "демократиялык жаңылануу боюнча президенттик программа" деп аталат.
Анда "эркин жана көз карандысыз маалымат каражаттарын", демократ-реформаторлорду колдоо, жемкорлукка каршы күрөшүү, демократия үчүн технологияны (эң оболу маалыматтык) өркүндөтүү, "эркин жана адилеттүү шайлоону" коргоо өңдүү темалар камтылат.
Севастополь после вхождения Крыма в состав Российской Федерации - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2021
"Донбасс" эмнеге Кара деңизге чыккан жок? Чагымчылдык тыйылбайбы
Мында жөнөкөй жана ачык бир суроо туулат: бул коомчулук ондогон жылдар бою эмне менен алек эле? Бирок анын жообун болжоо деле кыйын эмес. Дүйнө жүзүндөгү бардык насаатчыларына акча тараткан, шакирттери өз өкмөттөрүнө каршы маалыматтык согуш жүргүзүп, жемкорлукка малынгандарды ага мүчө кылып дайындашкан. Интернетте маалыматтык согуш жүргүзүп, шайлоонун болгон түрүнүн жыйынтыгын таануудан баш тартышкан. Азыр деле андан бир нерсе өзгөрүп кетери күмөн.
Ар бирине жана баарына демократиянын туура үлгүсүн катуу таңуулоо эки жыйынтыкка алып келгенин кошумчалайлы. Биринчиси: ушул тапта дүйнөдөгү эң туура – ич ара шаңдуу жана катуу талаш-тартышка салган идеология. Башкача айтканда, бул – "адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аракетиңерди токтоткула, өздөрү каалагандай жашоого мүмкүндүк бергиле" деген жөнөкөй формулага кептей турган ар кыл түстөгү консерватизм. Ал эми экинчиси – жогоруда айтылгандай, демократия деген аталыш менен элге эбак кызыгы тараган көнүмүштү таңуулагандары.
Глобальная система межбанковской связи SWIFT - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2021
SWIFT ылдамдыгында! Россияга урулган соккудан ким жабыркайт?
Жаңылыктар түрмөгү
0