Антарктидада Күндүн толук тутулган көрүнүшү. Мындай учурлар изилдөөчүлөргө космостун аба ырайын, Жер планетасына жакын жердеги космос чөйрөсүнүн табигый термелүүсүн изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. National Geographic Russia кийинки толук тутулуу 2039-жылдын 15-декабрында болот деп жазды.
Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель жана анын ордуна бул кызматка келген Олаф Шольц. Ангела Меркель 16 жыл иштеген соң Германиянын канцлери кызматынан расмий кетти.
2014-жылдын 10-декабрында түзүлгөн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жети жылдыгын белгиледи. Бул мезгил аралыгында ал эң көп шилтеме берилген жана ишенимдүү маалымат каражаттарынын бири болуп калды. Учурда порталга күнүнө 130 миңден ашык, айына 2,5 миллион окурман кирет. Ал эми социалдык тармактарда 1,5 миллиондон ашык колдонуучусу бар
Балдар ойноочу жайдын торнадодон кийинки көрүнүшү. Торнадо жана бороон АКШнын Иллинойс, Миссури, Арканзас, Кентукки жана Теннесси штаттарын каптады. Курман болгондордун саны 80ге жетип, президент Жо Байден кырсыкты тарыхтагы эң оор каргашанын бири деп атады.
Өлкөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына болгон иш сапарынын алкагында Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.
Бишкекте "Мурас" маданий-спорттук фестивалы өттү. Анда кыргызстандык мыкты гимнасттар жана спорттун ар кандай түрлөрү менен алектенген 200гө жакын бала жөндөмдөрүн тартуулашты. Иш-чара Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына арналды.
"Байкоңур" космодромунан "Союз МС-20" башкарылуучу космос корабли менен "Союз-2.1а" ракетасы учурулду. Аны менен япониялык туристтер Юсаку Маэдзава жана Ёдзо Хирано космоско сапар алышты.