00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Каржы пирамидасынын тузагынан кантип сактануу керек. ИИМдин эскертүүсү

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жазылуу
Алдамчылыктын бул түрү боюнча былтыртан бери эки миңден ашуун иш катталган. ИИМ жабыр тарткандарды жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылууну же 102 номерине чалууну эскертти.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Былтыртан бери өлкө аймагында уюшулган каржы пирамидасынан 3 300гө жакын адам жабыр тарткан. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 2022-жылдан бери 2 311 сотко чейинки өндүрүш иши тергелип, 2 074ү соттун кароосуна жиберилген. Келтирилген материалдык чыгымдын суммасы жалпы 311 миллион 864 миң 373 сомду түздү.
ИИМ жарандарды сак болууга жана алдамчылык аракеттерине алдырбоо боюнча кеңеш берди:
  • кепилденген жогорку киреше убада кылгандарга ишенбегиле;
  • каражатты күмөндүү компанияларга жана адамдарга ишенип бербегиле;
  • финансы рыногунун кесипкөй адамдары менен кеңешкиле;
  • акча берерден мурун уруксат документтерин текшергиле (лицензия, күбөлүк жана башка);
  • финансылык отчеттулугун жана жетекчилик тууралуу маалыматтарды сурагыла;
  • компаниянын кирешеси эмненин эсебинен түзүлөрүн, ошондой эле сиздин аманатыңыздын кайтарыла турганын сурагыла (сиздин акчаларыңыз кайда кетет).
Ошондой эле алдамчылардын торуна түшпөй жана аманатты жоготпош үчүн каржы пирамидасынын дагы башка эрежелерин эстен чыгарбоо керек:
  • жылдык киреше боюнча 50, 100, жадагалса 200 пайыздык кепилдиктерди беришет. Оптималдуу киреше депозит боюнча чендин жана банк насыясынын орточо пайыздарынын ортосунда болушу керек. Эгерде сизге сунуштаган киреше банк кредиттеринин ченинен жогору болсо (Кыргызстандын рыногунда улуттук валютада 22-25 пайыз), мындай уюм финансылык пирамида болушу мүмкүн;
  • эгерде сизди чакырып жаткан уюмда эч кандай продукт болбосо, бул каржылык пирамида. Жашырынган финансылык пирамидалар да болушу мүмкүн. Продуктусу бар, бирок аларды эч ким колдонбойт. Бул туристтик кызматтар (элиталык эс алуу), компьютердик сабаттуулук, чет тилдери үйрөтүү жана башкалар боюнча программалар. Мындай продуктуларды сунуштаган компания улам келген адамдардын акчаларынан киреше алат;
  • эгерде сиздин негизги тапшырмаңыз башкаларды тартуу болсо жана кирешеңиз алар алып келген акчадан түзүлсө, бул уюмду финансылык пирамида деп айтууга болот.
ИИМ алдамчылык аракеттерге кабылгандарга жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылууну же 102 номерине чалууну эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0