Эндокринолог: фаст-фуддун кесепетинен жаштар да кант диабетине чалдыгууда

© Фото / из личного архива Дильбар СатаровойЭндокринолог Дильбар Сатарова
Эндокринолог Дильбар Сатарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жазылуу
ДССУнун маалыматы боюнча, 2019-жылы кант диабетине кабылгандардын саны (20-79 жаштагылардын арасында) 463 миллионго жеткен. Анын негизги фактору — ашыкча салмак жана туура эмес тамактануу.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Саламаттык сактоо министрлигинин Эндокринология борборунун эндокринологу Дилбар Сатарованы маекке чакырып, кант диабети жана анын кесепети тууралуу баарлашкан.
— Адистер башка оорулар менен катар эле кант диабети да көбөйүп баратканын айтышууда. Мунун себеби эмнеде? Негизи эле бул дартка чалдыгууга эмне түрткү болуп жатат?
— Кант диабети өнөкөт ооруга кирет. Анда кандагы шекердин деңгээли белгилүү өлчөмдөн ашып кетет. Коронавирус чакырган пандемиянын кесепети бизди да айланып өткөн жок. Анын да бул дарттын өсүшүнө таасири бар. Бүгүнкү күндө статистика боюнча атайын каттоодон өткөн бейтаптардын саны 2021-жылдын биринчи жарымында 72 миң адамды түздү. Ал эми каттоодон өтпөгөндөр жалпы ооругандардын 30-40 пайызын көрсөтөт. Кант диабети оор илдеттердин бири. Ал бир нече түргө бөлүнөт. Негизинен биринчи жана экинчи типтеги кант диабети, кош бойлуу кезде пайда болгон жана башка типтеги диабет көбүрөөк кездешет. Биздеги бейтаптардын көбү экинчи типтеги диабет менен жабыркайт. Пайда болуу себептерине, коркунуч факторлоруна 45 жаштан жогорку жаш курак да кирет. Андан тышкары, ашыкча салмак, кыймылдын жоктугу, тукум куучулук экинчи типтеги кант диабетин шарттайт. Мындай адамдар үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылып, канындагы канттын деңгээлин текшертип туруусу керек.
Ал эми биринчи типтеги кант диабети менен 30 жашка чейинки жаштар ооруйт. Буга генетикалык өзгөчөлүк себеп болот. Ошондой эле ооруга стресс, депрессия, вирустук инфекциялар, вакцина жана коронавирус да терс таасир этет. Мындай бейтаптардын уйку безинде инсулин жок болот.
Кош бойлуу мезгилде кездешкен кант диабетин жөнгө салуу үчүн кандагы канттын деңгээлин максималдуу түрдө нормага алып келишибиз керек. Мында аял глюкоза аябай жогорулап кетсе гана инсулинге муктаж болот. Алар кош бойлуу мезгилинде инсулин алып турат. Төрөп алгандан кийин үч айдан соң дарыгерге сөзсүз көрүнөт. Анан жыл сайын келип турат.
© Sputnik / Асель СыдыковаЭндокринолог Дильбар Сатарова
Эндокринолог Дильбар Сатарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Эндокринолог Дильбар Сатарова
— Көп бейтаптар диабетке чалдыкканын убагында билбей, кийин гана дарыланууга өтөт экен. Негизи бул оорунун жөнөкөй белгилери кандай?
— Жогоруда санап өткөн факторлордон тышкары адамдын оозу кургап, бат-бат заара ушатып калат. Анан көбүнчө аял кишилер гинекологго кайрылган убакта диабетке чалдыкканы аныкталып, оорусун билет. Анткени бул жаатта да оорунун белгилери болот. Ошондой эле жүрөк көйгөйлөрүнөн улам анализ тапшырып жаткан убакта кандагы канттын жогору экендиги байкалат.
Ал эми экинчи типтеги кант диабетинде бейтап үч-төрт жыл билбей жүрө бериши мүмкүн. Тилекке каршы, оору өрчүгөндө гана бизге келип калышууда. Канда глюкоза пайда болгон алгачкы убакта адам бир аз жаман болгону менен бара-бара ага да көнүп кадимкидей жүрө берет. Ошентип ар бир органды кант жей баштайт. Кооптуусу ал биринчи кезекте көздү, бөйрөктү, бутту, жүрөктү талкалайт. Ушул оорулардын 80 пайызына кант диабети себеп болот.
— Дүйнө жүзүндөгү дарыгерлер акыркы кезде ашыкча салмак менен жабыркаган балдар көбөйгөнүн айтып жатышат. Муну менен кандай күрөшүп жатасыздар?
— Жогорудагы 72 миң бейтаптын бир пайызы, башкача айтканда, 700дөн ашык бала кант диабетинин биринчи тиби менен ооруп жатат. Бейтаптардын 30-40 пайызы оорусун байкабайт. Алардын арасында, албетте, балдар да бар. Диабетке каршы эл аралык фонд атайын грант бөлүп, анын аркасы менен эки жыл ичинде "Диабетсиз балалык" коомдук фонду көп иштерди жасады. Алар республиканын сегиз мектебинде мугалимдер менен ата-энелерге семинарларды өтүп, мектептин окуучуларын эндокринологдор толук карап чыкты. Медициналык кабинеттер да ачылды. Кант диабетине чалдыккан балдар тамакты убагында ичип, жанына момпосуй ала жүрүшү керек. Анан глюкометр менен кантын улам текшерип турат. Мындай балдар бат-бат дааратканага барууга суранышат. Алар кандагы канты көтөрүлүп кеткенде инсулин сайдырууга муктаж. Диабет менен жабыркаган балдарга мектепте таптап тамак берүү жагы да каралышы керек. Бул балдар жалпы билим берүүчү мектепте окушат, бөлүп койгонго болбойт. Окууга толук жөндөмү бар. Ошондой эле алардын окуган жеринде ден соолугуна да шарт түзүп берүү абзел.
— Оорунун өнүгүү этабы тууралуу маалымат берсеңиз, бейтаптар дары-дармектен кандайча инсулинге өтүп кетишет?
— Экинчи типтеги кант диабети менен 30-40 жаштан жогору курактагы адамдар ооруйт. Алар үч-төрт жыл кечигип адиске кайрылып, анализинен боорунда, жүрөгүндө, бөйрөгүндө мандем болуп калгандыктан буларга дароо инсулин сайылып калат. Көбүнчө бейтаптар муну түшүнбөй, "келсем эле мени инсулинге отургузуп койду" дешет.
Кээ бир оорулууларга убактылуу инсулин берилиши мүмкүн. Акыркы убакта гликацияланган гемоглобин деген анализ пайда болгон. Эгер бул анализдин жыйынтыгында глюкозанын деңгээли тогуз же ондон ашып кетсе жана башка анализдери да начар болсо ага убактылуу инсулин саябыз. Кийин анализдери нормага түшкөндө кайра таблетка түрүндөгү препараттарга которуп койсо болот. Экинчи типтеги бейтаптарга негизинен таблетка берилет.
Ошондой эле кош бойлуу кезинде пайда болгон диабетке туура тамактануу сунушу менен инсулин гана сайылат. Биринчи типтеги диабетиктерге инсулинден башка дары-дармек берилбейт. Буларда гендик өзгөрүү болгондуктан инсулини жок. Бирок акыркы убакта туура эмес тамактануудан, фаст-фуддун кесепетинен улам жаштарда да экинчи типтеги диабеттин белгилери кездешип жатат.
© Фото / из личного архива Дильбар СатаровойЭндокринолог Дильбар Сатарова
Эндокринолог Дильбар Сатарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Эндокринолог Дильбар Сатарова
— Республикада инсулинге, дары-дармекке болгон муктаждык жокпу?
— Бишкек боюнча инсулин республикалык Эндокринология борборунан алынат. Таблетка түрүндөгү препараттар мамлекет тарабынан толук камсыз болбойт. Бирок дүйнө жүзүндөгү акыркы кезде колдонулуп жаткан препараттардын бардыгы Кыргызстанда бар. Ал эми инсулин менен мамлекет 100 пайыз камсыздап берет.
— Кант диабетинен толук айыкса болору жана андан арылуунун жолдору табылып жатканын угуп келебиз. Бул билдирүүлөр канчалык чындыкка жакын?
— Тилекке каршы, бул өнөкөт оору. Бирок кант диабетин бейтап көзөмөлдөсө, ал ооруну башкарып ала алат. Эгер өзүн карабай койсо, аны диабет башкарып каларын белгилеп келебиз. Бул дартты ар кандай хирургиялык жолдор менен айыктырууга болорун айтышууда. Бирок бул али изилденип жаткан гана ыкмалар. Кант диабети инсулин гормонуна байланышкан оору болуп жатпайбы. Ал эми гормон уйку бездеги вето-клеткадан чыгат. Ошол вето-клетка жакшы иштебей калганына байланыштуу сапаты начар инсулин бөлүнүп башташы ыктымал. Дүйнөлүк изилдөөлөрдүн негизинде уйку безди алмаштыруучу операция жолдору каралууда. Ал азырынча эч кандай жыйынтык бере элек.
Толук кишилер ашказанынын тең жарымын, ичегилеринин глюкоза сиңген кайсы бир бөлүгүн кестирген операцияларды Түркия өңдүү чет мамлекеттерде жасап жатышат. Ошентсе да анын жакшы жыйынтык бергени далилдене элек.
— Кант диабетин алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүп жатат? Кыргызстанда дарыгерлердин да жетишсиз экендиги айтылат...
— Толуп кетүү коркунучу бар адамдарды колдон келишинче көбүрөөк кыймылдап, бат сиңип кетчү тамактарды жегенге чакырабыз. Тагыраагы, май жана шекери көп азыктарга караганда клетчатка, витаминге бай жашылчаларды жеген жакшы. Алар организмди жакшы иштетип, салмакты өзүнүн калыбында кармап турат. Кант диабетине бардык адамдар кабылышы мүмкүн. Ошол себептен ооруп калганын укканда адам чөгүп кетпестен өзүн колго алышы керек. Мындан эч ким сакайып кете албаса да дарыгердин кароосу менен ооруну көзөмөлдөп жүрүүгө болот. Негизинен өлкөдө эндокринологдор жетишпейт. Нарын облусунда бир-эки эле эндокринолог бар. Шаарларда эле болбосо райондордо жокко эсе. Врачтардын айлыгы аз, алыс аймактарга эч ким барбайт.
Улуттук госпиталдын ириңдүү оорулар бөлүмүнүн башкы дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты, хирург Улан Наралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Ириңдүү оорулар хирургу Наралиев: эмгекке жарамдуу жигиттердин буту чирип жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0