Кыргызстанда 53 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2021
Жазылуу
Азыркы тапта өлкө боюнча 709 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Алардын 363ү ооруканада болсо, 346сы медициналык жардамды үйүнөн алууда.
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 53 кишиден коронавирус аныкталып, 54 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жаңы жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 25;
  • Чүй облусу – 15;
  • Ош облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 3;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 4.
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 863кө жетти. Анын ичинен 178 905 адам дартты жеңген.
Аэропортто жүргүнчүнүн дене табып текшерип жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2021
Тыштан келгендердин ПЦР-тестин үч эмес, эки суткага жарактуу кылуу каралууда
Кечээтен бери Бишкек менен Ысык-Көлдө эки адам коронавирустун курмандыгы болду. Жалпысынан оору 2 766 кишинин өмүрүн алган.
Азыркы тапта өлкө боюнча 709 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Алардын 363ү ооруканада болсо, 346 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда. Ооруканадагылардын ичинен 29 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0