Айрым шайлоо участкаларында добуштар кайра саналмай болду. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуштарды санап жаткан БШК кызматкерлери. Архив
Добуштарды санап жаткан БШК кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2021
Жазылуу
Добуштарды кайра саноо процессине саясий партиялардын байкоочулары, журналисттер катыша алары айтылды.
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. БШК Жогорку Кеңешке шайлоодо өлкөнүн айрым шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылган.
Шайлоочулардын добушун кайра саноо графикке ылайык жүргүзүлөрү белгилүү болду.
"Добуштарды кайра саноо процессине саясий партиялардын байкоочулары, журналисттер катыша алат", — деп айтылат маалыматта.
Добуштар кайра санала турчу шайлоо участкалары:

Ош облусу

№4 Көк-Жар шайлоо округу, 10-декабрь саат 11:00;
№5 Ноокат шайлоо округу, 11-декабрь саат 11:00;
№6 Араван шайлоо округу, 11-декабрь саат 10:00;
№7 Ош шайлоо округу, 11-декабрь саат 10:00;
№8 Төлөйкөн шайлоо округу, 10-декабрь саат 18:00.

Жалал-Абад облусу

№14 Жалал-Абад шайлоо округу, 11-декабрь саат 10:00;
№13 Сузак шайлоо округу, 11-декабрь саат 14:00;
№19 Токтогул шайлоо округу, 10-декабрь саат 10:00;

Талас облусу

№20 Манас шайлоо округу, 10-декабрь саат 14:00;
№21 Талас шайлоо округу, 11-декабрь саат 10:00;

Чүй облусу

№30 Ысык-Ата шайлоо округу, 10-декабрь саат 11:00;

Нарын облусу

№32 Кочкор шайлоо округу, 10-декабрь саат 14:00;

Ысык-Көл облусу

№36 Ысык-Көл шайлоо округу, 10-декабрь саат 10:00.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча, парламентке 90 адамдын ордуна 88 киши депутат болуп келет. Себеби бир мандаттуу эки шайлоо округунда "баарына каршы" деген графа көп добуш алган. Мыйзам боюнча, ал шайлоо участкаларында кайра шайлоо өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0