Жомокчу Бегайым Жайчиева: аял турмушта башкача жашап өтүшү керек экен...

© Sputnik / Асель СыдыковаЗаслуженный работник культуры КР, рассказчица сказок Бегайым Жайчиева
Заслуженный работник культуры КР, рассказчица сказок Бегайым Жайчиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2021
Жазылуу
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялай тургандыгын белгилейт. Ал 30 жылга чукул убакыттан бери Кыргыз радиосунан жомок окуп, бир муунду тарбиялаган чоң энеге айланды.
Радиодо бир кишинин театрын негиздегенге тете эмгек жасаган жомокчу Бегайым Жайчиеваны Sputnik Кыргызстан редакциясынын кабарчысы мейманга чакырып, ал кишинин радио менен эриш-аркак өткөн өмүрү, иши тууралуу маектешкен.
— Биз бала кезден эле сиздин жомокторуңузду окуп чоңойдук. Негизи бул дүйнөгө кантип аралашып калдыңыз?
Республикада мультипликациянын түптөлүшүнүн башында турган адис Болот Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Аниматор Жумалиев: бизде мультфильм тартылып калышына Айтматовдун таасири чоң
— Өзүм Сокулуктун Асылбаш айылынан болом. Мектепке алты жашымдан баргам. 4-класска чейинки эски мектепке барып окучубуз. Ал эми 5-класстан баштап 1929-жылы салынган жаңы мектепте окудук. 1-класска кирген кезимде кичирээк бөлмөгө баш баксам, жерде көп китептер жатыптыр. Көрсө китепкана экен. Бат эле бир айга жетпей тамга таанып, шар окуп кеткем. Анан окуй аларыма мактангым келген го, карасам жыйылган китептердин үстүндө "Үч аюу" деген жомок китеп жатат. Дароо алдым да үйгө келип, эки-үч күндө эле бүтүп койдум. Ошентип китеп окумайынча тура албай калдым. Быйыл мына 75 жашка чыктым. Жетимиш жылдан бери китеп окубаган бир да күнүм болбойт. Кыргыз китептерин гана эмес дүйнөлүк адабиятты, түшүнүүгө оор болгон китептерди да жакшы көрүп окудум. Апам айылда эстүү-баштуу, китепти көп окуган аял болчу. Кийин экөөбүз бири-бирибизден китеп талашып окуп калдык. Айылдагылардын бири "китеп берем" деп койсо, сыртта бороон-чапкын болуп жатса да ээрчип кетчүмүн. Аны түн ичинде чырак өчкөнчө окучумун. Ошентип жүрүп эле жомокту жанымдай көрүп калдым. Менин сүйүктүү китебим "Том Сойердин жоруктары" деген китеп болчу. Ушул кезге чейин эч унутпайм.
Анан үйдө кичинекей радио илинип турчу. Анда театрлаштырылган спектаклдерди берчү. Анан "бул үндөр каяктан чыгып жатат" деп эле таң калып артын карай берер элем.
Ошону менен мектепте эсепке такыр көңүл бурган жокмун. Математиканы балдардан көчүрүп алчумун. Бирок башка сабактардан жакшы окуп, чоң класстардын дилбаянын да жазып берчүмүн. Ошентип жүрүп эле адабиятка кирип кеттим. Кичинемде журналист же жазуучу болом деп ойлогом. 
© Фото / из семейного архива Бегайым ЖайчиевойРадиодо бир кишинин театрын негиздегенге тете эмгек жасаган жомокчу Бегайым Жайчиева
Заслуженный работник культуры КР Бегайым Жайчиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Радиодо бир кишинин театрын негиздегенге тете эмгек жасаган жомокчу Бегайым Жайчиева
— Радиого кантип келип калдыңыз?
— Радиого 1968-жылы келдим. Мен эмгек жолумду негизи телевидениеден баштагам. Ал убакта жаш кыздар диктор, акын, жазуучу же актриса болууну кыялданчу элек. Курч кезибиз экен. Тимеле колубуздан баары келчүдөй дымагыбыз күч, бийиктикти гана көксөп турчубуз. Ошол аралыкта эле радиодогу балдар үчүн уктурууларга катыша коюп жүрдүк. Эфирге кыпчылып, эптеп бир сөз айтып койсок эле жыргап калчубуз.
1997-жылы Кыргыз радиосуна Байма Сутенова директор болуп калды. Күнүнө саат беш-алтыларда 20 мүнөттүк жомок берип, аны 10-15 киши окучубуз. Ар бир каарманды бирден киши окуп, алардын баарына убакыт да кетип, каражат да төлөнчү. 1997-жылдын ноябрь айында бир күнү эле мени Байма Сутенова чакырып жатат дегенден барсам, "эже, жомокту жалгыз эле өзүңүз окуп көрбөйсүзбү?" деди. Мен алгач "андай болбойт го" деп тартынчыктаганым менен макул болдум. Анан "Кыргыз эл жомогу" китебин алып келип радиодо режиссёр менен отуруп, окуп көрсөм такыр окшошпой койду. Анан бир жума үйдөн бассам-турсам да кандай кылууга болот, кантип иштесем деп абдан ойлондум. Ошентип идея жаралды. Анан режиссёрго келип "Ай, мурунку жарабайт, кайра окуйм, башкача ыкма таптым" деп кайрадан ар бир жаныбардын үнүн туурап окуп туруп, кетирип жибердик. Күнүнө саат 19:50дөн 20:50гө чейин жомок окулуп баштады. Анан жуманын аягы коллективдин чоң залында жыйын өтүп, ар бир берүү талкууланчу. "Мен-мен" деген баяндамачы журналисттер, жетекчилер отурчу. Ар бир берүүнү жиликтеп талкуулап, жаман чыгып калса талкалап салышчу. Жыйынга акырын барып коркуп отурсам, Айылчиев деген агай "бул бир кишинин театры болду" деп аябай мактаганда сүйүнгөнүмдү айтпа. Ошондон кийин жомок менен бирге жашап калдым. Жомокту балдарымдан кийин, балким, балдарымдай эле жакшы көрсөм керек. Эл да жакшы кабыл алды, 23 жыл радионун эфиринен түшпөй келе жаткан жалгыз программа болду. Эч ким тийишип, каршы да болгон жок. Ушу аралыкта жомокту эфирден алдырып салган бир гана кишиге таң калдым. 
© Фото / из семейного архива Бегайым ЖайчиевойБегайым Жайчиева: 1997-жылы Кыргыз радиосуна Байма Сутенова директор болуп калды. Күнүнө саат беш-алтыларда 20 мүнөттүк жомок берип, аны 10-15 киши окучубуз
Заслуженный работник культуры КР Бегайым Жайчиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бегайым Жайчиева: 1997-жылы Кыргыз радиосуна Байма Сутенова директор болуп калды. Күнүнө саат беш-алтыларда 20 мүнөттүк жомок берип, аны 10-15 киши окучубуз
— Ким алдырып салды эле?
— Бир жылдары бизге Асел Мамбетова деген жетекчи кыз келди. Ал чакырып жатат дегенинен барсам, өзү орус тилдүү кыз экен. Мурда "Ала-Тоо" программасында кабарчы болуп жүргөнүн экрандан көрүп калчумун. Анан ал мага орусча: "Азыр жомокту ким угат? Силер артта калган турбайсыңарбы", — деди. "Эл угат, азыр беш миллион кишинин эки миллиону угат" десем болбой, "жок, эч ким укпайт" деп программадан алдыртып салды. Баарыбыз эле бир кызык болуп калдык. Ал кыз болсо өз бийлигин жүргүзүп баштады. Көпкө барбай эле бийлик алмашып, анан ал да кызматтан ыргып кетти го.
Мен ушул күнгө чейин Байма Жапаровнанын эмгегине ыраазымын. Жомок аркылуу элге таанылдым. Жолугуп калганда көп адамдар: "Ии, радиодо күндө кечинде жомок окуган сизсизби?" — деп сурап калышат. Той-топурда да "жомокчу апа" деп эл алдына чакырып, жакшы сөздөрүн арнап калышат. 
© Фото / из семейного архива Бегайым ЖайчиевойБегайым Жайчиева: жомокту балдарымдан кийин, балким, балдарымдай эле жакшы көрсөм керек. Эл да жакшы кабыл алды, 23 жыл радионун эфиринен түшпөй келе жаткан жалгыз программа болду
Заслуженный работник культуры КР Бегайым Жайчиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бегайым Жайчиева: жомокту балдарымдан кийин, балким, балдарымдай эле жакшы көрсөм керек. Эл да жакшы кабыл алды, 23 жыл радионун эфиринен түшпөй келе жаткан жалгыз программа болду
— Ушунча жыл окуган жомокторуңузду кайдан тапчу элеңиз?
СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева үй-бүлөсү менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Кайыргүл Сартбаеванын уулу: театрдагы интригалар апамды ыйлатып, жүрөгүн оорутчу
— Дүйнө жүзүндөгү жомоктордун баарын калтырбай окудум окшойт. Кыргызстандын шаарларында мен кыдырбаган китепкана калган жок. Анда да китеп азыраак болчу. Жомоктун тарбиялык мааниси зор, балдар ишенет. Кичине баланын дили аппак да, жомокту угуп андагы каармандарга арбалып "баатыр бала, сулуу кыз болом" дешет. Китептин эң жакшысы — бул сөз байлыкты арттырат. Дүйнө жүзүндөгү жомоктордун баары — баатыр жеңип, душман жеңилген жакшылык менен бүтөт. Убагында мага Оштон, Нарындан, Көлдөн, Таластан бир топ апалар өзү жазып, балдары чыгартып берген жомок китептерин берип жиберген учурлары болгон. Айрымдар билген илгерки жомогун жазып жиберсе, кээ бирлер жомок чогултуп кат менен жөнөтчү. Ошол себептен Мамбетовага "эл жомок угат" деп айткам да. Ошентип жомоктор кийин өзүнөн-өзү жыйылды. Кол жазмаларды "Жайчиевага" деп КТРКнын кароолуна таштап кетишчү. Мен буга абдан таң калгам.
Негизи балдарга жатарда сөзсүз жомок окуп берүү керек. Телефонду карматып койгон болбойт. Жомок сенин тирүү үнүң. Ал тарбия. Жомок менен балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбияласа болот. Чоңдорго арналып жазылган жомоктор абдан көп. Кайнене менен келинге, ата менен балага арналган, жаратылышты сактоого, жалкоолукка арналган жомоктор бар. Балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев көптөгөн жомокторду жазат. 
© Sputnik / Асель СыдыковаБегайым Жайчиева: оңдорго арналып жазылган жомоктор абдан көп. Кайнене менен келинге, ата менен балага арналган, жаратылышты сактоого, жалкоолукка арналган жомоктор бар. Балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев көптөгөн жомокторду жазат
Заслуженный работник культуры КР, рассказчица сказок Бегайым Жайчиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бегайым Жайчиева: оңдорго арналып жазылган жомоктор абдан көп. Кайнене менен келинге, ата менен балага арналган, жаратылышты сактоого, жалкоолукка арналган жомоктор бар. Балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев көптөгөн жомокторду жазат
— Бала чагыңыз, ата-энеңиз тууралуу да сурагым келип турат...
— Атам 19 жашында курстан окуп, Асылбаштан Жалал-Абадга барып мугалим болуп иштептир. Ошол жерден согушка кетет. Төрт жылдан кийин кан майдандан бутунан жарадар болуп келип, айылда кырк жылга жакын башкарма болгон. Эң биринчилерден болуп мага чатыраш пальто, портфель сатып берген. Анда колго тигилген китеп кап көтөрчүбүз да. Айылдагылардын баары келип, менин буюмдарымды көргөн эле. Ушинтип эркелеп чоңойгом. Апам билими жок болгону менен китепти көп окуган. Атамды биздин өрөөндөгүлөр Жайчы деп дагы деле таанышат. Кыйын киши болчу. 
© Фото / из семейного архива Бегайым ЖайчиевойБегайым Жайчиева: атам эң биринчилерден болуп мага чатыраш пальто, портфель сатып берген. Анда колго тигилген китеп кап көтөрчүбүз да. Айылдагылардын баары келип, менин буюмдарымды көргөн эле. Ушинтип эркелеп чоңойгом
Заслуженный работник культуры КР Бегайым Жайчиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бегайым Жайчиева: атам эң биринчилерден болуп мага чатыраш пальто, портфель сатып берген. Анда колго тигилген китеп кап көтөрчүбүз да. Айылдагылардын баары келип, менин буюмдарымды көргөн эле. Ушинтип эркелеп чоңойгом
— Турсун Уралиев агай менен кандайча таанышып калгансыз?
Кыргыз эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиевдин иниси Калыбек Абдиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Тууганбай Абдиевдин иниси Калыбек: түшүндө Токтогул оозуна алтын себелегенин айтчу
— Амбициябыз асманды чапчып турган кез. Баарыбыз артист, алып баруучу болууну самап турганда атайын студия ачылганын угуп бардык. Анда Абдырашит Көбөгөнов тандоо жүргүзүп жатыптыр. Дүйшөн Байдөбөтов, Турганбү Бообекова, Абас Чикеев өңдүү азыркы белгилүүлөрдүн баары шагырап барышкан. Мен базарга барып жашылча сатканды этюд кылып көрсөтүп, өтүп кеттим. Эртеси күнү Кыргыз радиосунан Турсун Уралиев, Касымжан Төлөбаев деген агайлар келди. Төлөбаев улгайган адам экен. Ал эми Турсун Уралиевдин жаш, өзү да жакшынакай кези экен. Шайыр жигит менен таанышып сүйлөшүп отургандан кийин бизге комуз менен укмуш ырдап берди. Отурган кыздардын баары ага ашык болуп калган. Алардын катарында мен да бармын (күлүп). Ошентип университеттен кийин радиодо иштеп жүрдүм. Ал киши да мени жактырган көрүнөт, экөөбүз кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Менин ата-энем ага турмушка чыгуума караманча каршы болушту. Жашы да менден улуу болчу. Бирок эч кимди укпай, акыры барып баш коштук. Бирок бир гана жакшы көрүү менен иш бүтүп калбайт экен. Ал киши жакшы ырдап, сүйлөп, шайыр болгону менен турмушка такыр даяр эмес болуп чыкты. Үйдүн керек-жарагы менен иши жок, мамлекеттин ишине берилген адамга баш коштум. Ал киши убактысын, күчүн бүт радиого арнады. Ошентип үйдүн да, балдардын да түйшүгүн жалгыз тартып калдым. Алгач "аял ушундай болот экен" деп баарына чыдаптырмын. Көрсө турмушта аял башкача жашап өтүшү керек экен, аял киши да өзүн бир аз аяп, баалашы керек экен. Үйүбүз жок, орустардыкында батирлеп көп кыйынчылык тарттык. Көмүр, тамак-аш жагынан ата-энем абдан каралашты. Абышкам өзү жетим өсүп, менде кайын журт деле болгон жок.
Ал убакта берүүлөр тасмага тартылчу. Улам тасмага даярдап, аны эфирге кетирип, кайра экинчисин даярдап, күндөп-түндөп эле иште жүрүп калчу. Жаш кезимде чыдабай апама ыйлаган да күндөрүм болду. Анан апам "бизде кыз бала кайра кайтып келбейт. Сени "барба" дегенбиз, өзүң болбой кеткенсиң. Эми чыда. Эки баланы кимге жалдыратасың, биз жардам беребиз. Аял киши кыйынчылыкты чыдап жүрүп жеңет" деди. Айткандай эле баарына чыдадым, анан кийин-кийин кайтарымы болду. Балдар чоңойду. 
© Фото / из семейного архива Бегайым ЖайчиевойБегайым Жайчиева: жолдошум киши жакшы ырдап, сүйлөп, шайыр болгону менен турмушка такыр даяр эмес болуп чыкты. Үйдүн керек-жарагы менен иши жок, мамлекеттин ишине берилген адамга баш коштум. Ал киши убактысын, күчүн бүт радиого арнады
Заслуженный работник культуры КР Бегайым Жайчиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бегайым Жайчиева: жолдошум киши жакшы ырдап, сүйлөп, шайыр болгону менен турмушка такыр даяр эмес болуп чыкты. Үйдүн керек-жарагы менен иши жок, мамлекеттин ишине берилген адамга баш коштум. Ал киши убактысын, күчүн бүт радиого арнады
— Негизи азыр коомдо ача пикир айтылып жатпайбы. Бири турмушка чыдоо керек десе, айрымдары аял киши алгач өзүн ойлошу керек дейт. Сиз үй-бүлөңүздүн түйшүгүн толук, аягына чейин көтөрүп кеткениңизге өкүнгөн жоксузбу? Аялдардын "ден соолугумду аябапмын, көрсө "намыс" деп жүрө бериптирмин" деп өкүнгөндөрүн көп угуп калабыз...
— Жок, мен "турмушка чыдоо керек" дегенге кошулам. Негизи жашоодо, кайсы улут, кайсы жер, кандай шарт болбосун аялдар көбүрөөк түйшүк тартат, тартып келген. Үй-бүлөнү сактап калуунун кайтарымы болот. Аны сен көрбөсөң да балдарыңа тиет. Балдар жетим калбайт, өз атасынын мээримин көрүп өсөт. Баары бир эркек акыры билип, баалайт экен.
— Канча балаңыз бар?
— Үчөө. Ушул эле КТРдин айлыгы менен балдарымды бир эмес эки окуудан окуттук. Чоң киши болушту. Байлык күтүүгө деле кызыккан жокпуз. Ал убакта байлыкты эч ким деле ойлобоптур. Замандын тартыштыгына жараша азыр жаштар да материалдык дүйнөгө басым жасап калышты өңдөнөт. Биздин убакта мамлекетке ишенчүбүз. Анткени туруктуу иш, пенсия, кызматтан көтөрүлүү, камсыздоо бар эле. Азыркы жаштарды аяп кетем. Баарына адам өзү жетиши керек болгон турмушта жашап калдыңар.
Жаңылыктар түрмөгү
0