00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
2026-жылы Салык кызматы санариптештирүүгө басым жайсат – ишкерлерди текшерүү токтойбу?
13:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
От проконсула до Homo sapiens: как появился человек- беседа о социуме
14:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эгер шайлоо кайра өтсө, ага утулган талапкерлер катыша алабы? БШКнын жообу

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүПарламенттик шайлоодо добуш берип жаткан кыз
Парламенттик шайлоодо добуш берип жаткан кыз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Борбордук шайлоо комиссиясынын юристи менен байланышып, кайра шайлоо боюнча тактоочу суроолорго жооп алды.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Эгер айрым округдарда парламенттик шайлоо кайра өтө турган болсо, анда буга чейин шайлоодо ат салышып, бирок өтпөй калган талапкерлер ага катыша алат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Медина Кутбердиева билдирди.
Эске салсак, АСУнун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Бишкектин эки районунда (Биринчи май жана Свердлов) шайлоочулар "баарына каршы" пунктуна эң көп добуш берген. Мыйзамда эгер шайлоодо "баарына каршы" пунктуна башка талапкерлерге караганда добуш көп берилсе, шайлоо кайра өтөрү жазылган. Бул эреже бир мандаттуу округдар боюнча шайлоого да тиешелүү.
Шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыга элек, ошентсе да айрым талапкерлер аталган эки округ боюнча кайра шайлоого катыша турганын билдиришти. Алардын арасында ошол эле округдан шайлоого катышкан да, катышпаган да талапкерлер бар.

Кайра шайлоо өтүп калса, ага кимдер катыша алат?

Кутбердиева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кайра шайлоого кимдер катыша алары тууралуу суроосуна да жооп берди.
"Эгер шайлоо округунда башка талапкерге караганда "баарына каршы" пунктуна көбүрөөк добуш берилип кала турган болсо, анда шайлоо боюнча конституциялык мыйзамдын 37-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пунктунда шайлоо өткөн жок деп эсептелип калары жазылган. Негизи кайра шайлоого аны жараксыз деп таанууга себепкер болгон талапкерлер катыша албайт. Ал эми бул жерде шайлоо жараксыз эмес, өтпөй калды деп табылып жатат. Ошондуктан округдан буга чейин ат салышып, бирок өтпөй калгандары, партия тизмеси менен барып өтпөй калгандары, шайлоого катышпагандары деле ат салышканга укуктуу", — деди Кутбердиева.
Юрист шайлоо өткөн жок же жараксыз деп табылгандан кийин кайра шайлоо БШК тарабынан бир айдын ичинде белгиленерин айтты. Кайра шайлоо Конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн мезгилде өткөрүлүп, мында шайлоо аракеттеринин (даярдык, үгүт иштери ж.б.) мөөнөтү үчтөн бирге кыскарарын кошумчалады. Ошондой эле ал талапкердин катталган жери мааниге ээ эмес экенин билдирди.
Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Добуштардын 40%ы саналды. Алдыда келе жаткан 7 партиянын тизмеси
"Кайра шайлоо өтө турган округга талапкерлигин жашаган же катталган жерине карабай баары коё алат. Тактап айтканда, талапкердин кайсы жерде жашап, катталганы мааниге ээ эмес. Бул жерде жарандыгы, жаш курагы сыяктуу башка критерийлер эске алынат", — деди ал.
Эске салсак, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Бул ирет шайлоо жаңы тартип менен уюштурулду. 54 талапкер партия тизмеси менен шайланса, 36сы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан катышты. АСУнун алдын ала жыйынтыгы менен Жогорку Кеңешке алты партия өттү. Бир мандаттуу округдардын ичинен эки округда "баарына каршы" пунктуна көп добуш берилген. Учурда добуштарды кол менен эсептөө уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0