https://sputnik.kg/20211128/shayloo-dobush-beruu-sonku-maalymat-1054776350.html
Канча кыргызстандык өз депутатын тандады? Саат 16:00гө карата маалымат
Канча кыргызстандык өз депутатын тандады? Саат 16:00гө карата маалымат
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Анын ичинен 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдөн катталган. 28.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-28T17:03+0600
2021-11-28T17:03+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
жогорку кеңешке шайлоо
добуш берүү
катышуу
шайлоо
жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
жогорку кеңешке шайлоо 2021
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/1c/1054769532_0:234:3072:1962_1920x0_80_0_0_b596dc81de383780ba8c97954f58b201.jpg
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 16:00гө карата шайлоочулардын 22,39 пайызы добуш берди. Бул 829 171 кыргызстандык шайлоого катышканын түшүндүрөт.Учурда Нарын, Талас облустарынын тургундары активдүүлүгүн көрсөтүүдө (26.29 жана 25,11 пайыз), ал эми Чүй облусу дагы деле артта (19,99 пайыз) баратат.Ал эми бир мандаттуу округ боюнча шайлоочулардын 22,54 пайызы же 815 896 миң жаран өз тандоосун жасады. Мында шайлоого келгендердин саны боюнча Ош облусундагы №4 Көк-Жар шайлоо округу (27,74 пайыз) лидер болууда. Ал эми Чүй облусундагы №24 Сокулук шайлоо округу эң артта (17,19 пайыз) калды.Белгилей кетсек, чет өлкөдө жүргөн жарандар бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлерди шайлай албайт. Буга байланыштуу эки системанын ортосунда айырмачылык болот.Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Анын ичинен 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдөн катталган.Бул ирет парламенттик шайлоо аралаш система менен өтүп, 90 талапкерге мандат берилет. 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалмакчы. 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышууда.Бүгүн эртең менен саат 8:00дө 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктарды тейлейт.Шайлоонун жүрүшү тууралуу соңку маалыматтарды, сүрөт, видеолорду Sputnik Кыргызстандын онлайн репортажынан көрө аласыздар.
https://sputnik.kg/20211128/iim-adminresurs-dobush-satyp-aluu-1054775502.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/1c/1054769532_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_cb4266c7ec5274471c2f1e918ad3a79f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, жогорку кеңешке шайлоо, добуш берүү, катышуу, шайлоо, жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо, жогорку кеңешке шайлоо 2021
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, жогорку кеңешке шайлоо, добуш берүү, катышуу, шайлоо, жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо, жогорку кеңешке шайлоо 2021
Канча кыргызстандык өз депутатын тандады? Саат 16:00гө карата маалымат
17:03 28.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Анын ичинен 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдөн катталган.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 16:00гө карата шайлоочулардын 22,39 пайызы добуш берди. Бул 829 171 кыргызстандык шайлоого катышканын түшүндүрөт.
Учурда Нарын, Талас облустарынын тургундары активдүүлүгүн көрсөтүүдө (26.29 жана 25,11 пайыз), ал эми Чүй облусу дагы деле артта (19,99 пайыз) баратат.
Ал эми бир мандаттуу округ боюнча шайлоочулардын 22,54 пайызы же 815 896 миң жаран өз тандоосун жасады. Мында шайлоого келгендердин саны боюнча Ош облусундагы №4 Көк-Жар шайлоо округу (27,74 пайыз) лидер болууда. Ал эми Чүй облусундагы №24 Сокулук шайлоо округу эң артта (17,19 пайыз) калды.
Белгилей кетсек, чет өлкөдө жүргөн жарандар бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлерди шайлай албайт. Буга байланыштуу эки системанын ортосунда айырмачылык болот.

28 Жетинин айы 2021, 16:29
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Анын ичинен 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдөн катталган.
Бул ирет парламенттик шайлоо аралаш система менен өтүп, 90 талапкерге мандат берилет. 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалмакчы. 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышууда.
Бүгүн эртең менен саат 8:00дө 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктарды тейлейт.
Шайлоонун жүрүшү тууралуу соңку маалыматтарды, сүрөт, видеолорду Sputnik Кыргызстандын
онлайн репортажынан көрө аласыздар.