https://sputnik.kg/20211127/Akylbek-Zhaparov-algachky-zholu-elektronduk-dokumentke-kol-koyup-atkaruuga-zhntt-1054751307.html
Акылбек Жапаров алгачкы жолу электрондук документке кол коюп, аткарууга жөнөттү
Акылбек Жапаров алгачкы жолу электрондук документке кол коюп, аткарууга жөнөттү
Sputnik Кыргызстан
Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдуулугун жана эффективдүүлүгүн олуттуу түрдө... 27.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-27T11:33+0600
2021-11-27T11:33+0600
2021-12-15T23:01+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
өкмөт
санариптештирүү
документ
акылбек жапаров
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/1b/1054750960_294:432:2890:1900_1920x0_80_0_0_11efbdc76b5f416d88ca82e402725d2f.jpg
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санариптик кол тамгасы бар документтерге кол коюп, Infodocs тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.Мындай жол менен "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында электрондук документ жүгүртүү тутуму ишке киргизилди.Учурда 853 мамлекеттик органда, аларга караштуу ведомстволук жана аймактык түзүмдөрдө электрондук документ жүргүзүү (ЭДТ) ишке киргизилген. Аны пайдалануучулардын саны мамлекеттик жана муниципалдык органдарды кошкондо 32 миң кызматкерди түзөт. Тутум ишке киргизилгенден бери 2 миллион 161 миң документ катталган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/1b/1054750960_0:110:3082:2048_1920x0_80_0_0_3974cad3ee599f186362d6566ec52b6d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, өкмөт, санариптештирүү, документ, акылбек жапаров
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, өкмөт, санариптештирүү, документ, акылбек жапаров
Акылбек Жапаров алгачкы жолу электрондук документке кол коюп, аткарууга жөнөттү
11:33 27.11.2021 (Жаңыртылды: 23:01 15.12.2021) Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдуулугун жана эффективдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат.
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы
Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санариптик кол тамгасы бар документтерге кол коюп, Infodocs тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Мындай жол менен "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында электрондук документ жүгүртүү тутуму ишке киргизилди.
"Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдуулугун жана эффективдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат. Ошондой эле кызматтык кат алышуу процесстерин жөнөкөйлөтөт. Борборлоштурулган системанын артыкчылыктарынын бири мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө баа берүү жана мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда 853 мамлекеттик органда, аларга караштуу ведомстволук жана аймактык түзүмдөрдө электрондук документ жүргүзүү (ЭДТ) ишке киргизилген. Аны пайдалануучулардын саны мамлекеттик жана муниципалдык органдарды кошкондо 32 миң кызматкерди түзөт. Тутум ишке киргизилгенден бери 2 миллион 161 миң документ катталган.