Күүгүмдө айдоочу эмнеге көңүл бурушу керек. Адистин кеңеши

© Sputnik / Арам Нерсесян / Медиабанкка өтүүЖол. Архив
Жол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Жазылуу
Эксперт биринчи иретте жарык берүүчү приборлорду бир ирет сөзсүз текшерип коюу зарылдыгын белгилеген.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Жарык азайып, күүгүм киргенде автоунаа айдаган бир топ кооптуу, андыктан рулда бараткандар этият болуш үчүн бир канча эрежелерди сакташы керек. Мындай кеңешин Коопсуздук боюнча улуттук коомдук борбордун директору Сергей Канаев Sputnik радиосуна айтып берген.
Адис күндүн бул бөлүгү айдоочулардын абалына өзүнүн терс таасирин берерин айткан.
Кеч күздө жана кышында айдоочуларга жылдын башка мезгилине караганда көбүрөөк жол жүргөнгө туура келет, күн да тез батат.
"Бул бардык айдоочулар үчүн эле кыйын учур. Кээ бирөөлөрүнүн көзү начар көрөт, дагы бирөөлөрдүн тажрыйбасы жетишсиз. Күүгүмдө жолдогу нерселер жакшы көрүнбөгөндүктөн көңүлдү бир жерге топтоо кыйын. Андан сырткары, таң куланөөк атып баратканда жарык жетишсиз болору баарыбызга белгилүү, эгерде түнү менен жол жүрүп келе жатса, кишини уйку басат. Андыктан эринбей эле 10 мүнөттөй эс алып алганы жакшы", — деген ал.
Адис кечинде жана эртең менен эрте алыс жолго аттанганда мүмкүн болсо, жанына бирөөнү салып алган жакшы деп кеңеш берген.
Кар басып калган автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Автоунааны кышка даярдоодо биринчи эмнелер маанилүү. Эксперттин кеңеши
Ал күүгүмдө иштен чыгып, үйдө көздөй жөнөгөндө биринчи иретте жарык берүүчү приборлорду сөзсүз бир ирет текшерип коюу зарылдыгын белгилеген.
"Күүгүм киргенден кийин машинага отурар алдында эринбей жарык берген шаймандарды текшерип койгула. Эгерде көңүлдү бир жерге топтой албай, жолго жакшылап көз сала албай тургандай болсоңуз, жогоруда мен айткандай, беш-он мүнөттөй эс алып, анан рулга отурсаңыз болот", — деген эксперт.
Канаев алтын эреже катары кармай турган дагы бир кеңешти эске салган.
Айдоочу кеч кире баштаганда жолдо жаткан же өтүп бара жаткан жаныбарды, кара түстө кийинип алган кишини байкабай калышы да мүмкүн.
"Рулдагы адам биринчи иретте ылдамдыкты ашыкча көбөйтүп жибербей, кылдаттык менен айдашы керек, бул абдан маанилүү", — деген ал.
Мындан мурдараак кышында автоунааны туура айдоо боюнча эксперттер кеңештерин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0