00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
On air
10:44
16 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Особый акцент
Репродуктивное здоровье как безопасность нации — беседа с экспертами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Личный интерес
От эпоса к сказке: детская литература Кыргызстана сегодня
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Сиз сарамжалдуу кожойкесизби? Үй-бүлөдө ысырапкорчулук каржылык туруктуулукка кандай таасир этет?
17:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Токон Мамытов об уроках Апрельской революции и о главных политических переменах в стране
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
19:07
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Новые тарифы и печатный станок: Кубат Рахимов о главных событиях весны
20:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Бишкекте ШКУнун I Дельфи жаштар оюндары өттү: иш-чара эмнеси менен эсте калды?
21:07
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Суюмбаева: балдарыбыз жашоону компьютердеги оюндардай көрө башташты

© Sputnik / Табылды КадырбековПсихолог-педагог Асел Суюмбаева
Психолог-педагог Асел Суюмбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Психолог Асел Суюмбаева балдарга компьютердик оюндар менен чыныгы жашоонун айырмасын түшүндүрүү зарылдыгы пайда болуп баратканын айтты.
Балдар психологу катары алар менен сүйлөшкөндө же ар кандай тесттерди жүргүзгөнүбүздө жашоолорун компьютердеги виртуалдык оюндардай көргөн жеткинчек, өспүрүмдөрдү кездештиребиз. Алар ата-энесинин мээримин жетишерлик деңгээлде албагандыктан, виртуалдык оюндун каарманындай өлүп калып, анан жакындарынын аны эстеп кайгырганын көргүсү келишет. Бул кооптуу маселе. Мындай пикирин Асел Суюмбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Суюмбаева: балдарыбыз жашоону компьютердеги оюндардай көрө башташты
Анын айтымында, азыркы учурда ата-эне мээримине суусаган балдар көбөйдү.
"Ички, тышкы миграция, жумушсуздук жана башка социалдык көйгөйлөрдөн сырткары гаджеттер да биздин балдарыбызга жеткиликтүү көңүл буруп, тарбия берүүбүзгө тоскоолдук жаратып жатат. Мунун баары келечек муундун психологиясына терс таасирин тийгизет. Биз, улуулар, балдарга материалдык байлыктын артынан кууп жашаганды, эсептешип иш кылганды өзүбүздүн жүрүм-турумубуз менен үйрөтүп жатабыз. Сен жакшы окусаң муну сатып берем деп балабызга сүйүүбүздү акча менен ченеп калдык. Мындай абалда бала жеткиликтүү мээрим ала албай жан дүйнөсү кыйналат. Алар аны сөз менен түшүндүрүп айтып бере алышпайт, анткени турмуштук тажрыйбалары жок. Мунун кесепетинен компьютердик каармандардан өздөрүн издеп, кыялында ошолордой болуп жоголуп кетсе, жакындары аны издеп, өксүп, кайгырып ыйлайт деп ойлошот жана чын эле суицидге барсам ушундай болот деп ишенишет. Кайра тирилип келип, баары жакшы болуп калчудай сезишет. Тилекке каршы, виртуалдык оюндар менен жашоо эки башка нерсе экенин айырмалай албай калган балдар арабызда көбөйүүдө. Азыр билинбегени менен мунун кесепети кооптуу",— деди Суюмбаева.
Психолог ата-энелерди балага адамгерчиликти, сүйүүнү үйрөтүүгө чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0