Чычкан капчыгайында өрттөнгөн бензовоз. Көз жумган кишинин ким экени айтылды

© Фото / пресс-служба МЧСЖалал-Абаддын Токтогул районунда өрттөнгөн күйүүчү май. Архив
Жалал-Абаддын Токтогул районунда өрттөнгөн күйүүчү май. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, ташка урунуп жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен унаа өрттөнүп кеткен.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Жалал-Абаддын Токтогул районунда өрттөнгөн күйүүчү май ташыган (бензовоз) автоунаада көз жумган айдоочу Оштун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүнүн 63 жаштагы жашоочусу болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Эске салсак, кечээ, 14-ноябрда, Бишкек — Ош жолунун 238-чакырымында бензовоз өрттөнгөндүгү айтылып, ичинен бир кишинин сөөгү табылган.
Маалым болгондой, айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, ташка урунуп жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен унаа өрттөнүп кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0