Чычканда өрттөнгөн бензовоздун ичинен кишинин сөөгү табылды. Кырсыктын сүрөтү
17:59 14.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба МЧСЖалал-Абаддын Токтогул районунда өрттөнгөн күйүүчү май ташыган автоунаа
© Фото / пресс-служба МЧС
Жазылуу
Кырсык Бишкек — Ош жолунун 238-чакырымында катталган. Токтогул районундагы өрт өчүрүү бөлүмү тилсиз жоону саат 15:42де чектөөгө алган.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жалал-Абаддын Токтогул районунда өрттөнгөн күйүүчү май ташыган (бензовоз) автоунаанын ичинен бир кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
© Фото / пресс-служба МЧСЖалал-Абаддын Токтогул районунда өрттөнгөн күйүүчү май ташыган (бензовоз) автоунаанын ичинде бир кишинин сөөгү табылды
1/2
© Фото / пресс-служба МЧС
Жалал-Абаддын Токтогул районунда өрттөнгөн күйүүчү май ташыган (бензовоз) автоунаанын ичинде бир кишинин сөөгү табылды
© Фото / пресс-служба МЧСЭске салсак, кырсык Бишкек — Ош жолунун 238-чакырымында катталган.
2/2
© Фото / пресс-служба МЧС
Эске салсак, кырсык Бишкек — Ош жолунун 238-чакырымында катталган.
1/2
© Фото / пресс-служба МЧС
Жалал-Абаддын Токтогул районунда өрттөнгөн күйүүчү май ташыган (бензовоз) автоунаанын ичинде бир кишинин сөөгү табылды
2/2
© Фото / пресс-служба МЧС
Эске салсак, кырсык Бишкек — Ош жолунун 238-чакырымында катталган.
"Күйүүчү май ташыган автоунаадан чыккан өрт саат 17:00дө толук өчүрүлдү. Ичинен бир кишинин сөөгү табылды, анын ким экени аныктала элек", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, кырсык Бишкек — Ош жолунун 238-чакырымында катталган. Аны өчүрүү үчүн саат 14:30да ӨКМдин Токтогул районунда жайгашкан бир бригада барып, тилсиз жоо саат 15:42де чектөөгө алынган.