Аламүдүн райондук милициянын тергөөчүлөрү пара менен кармалды. Сүрөт
Аламүдүн райондук милициянын тергөөчүлөрү пара менен кармалды. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Тергөөчүлөр алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом пара талап кылган деп айыпталууда. 15.11.2021, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Чүй облусундагы Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарларды.Билдирүүгө ылайык, атайын кызмат ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө жүргүзгөн. Натыйжада тергөөчүлөр Н.Д. аттуу жарандан алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом пара талап кылганы белгилүү болгон.Бул иш боюнча Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара алуу") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.Аламүдүн РИББдин кармалган тергөөчүлөрүнүн бири Г.М.Ш. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.Учурда тийиштүү тергөө иш-чаралары уланууда.
Тергөөчүлөр алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом пара талап кылган деп айыпталууда.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Чүй облусундагы Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарларды.
Билдирүүгө ылайык, атайын кызмат ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө жүргүзгөн
Билдирүүгө ылайык, атайын кызмат ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө жүргүзгөн. Натыйжада тергөөчүлөр Н.Д. аттуу жарандан алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом пара талап кылганы белгилүү болгон.
"10-ноябрда тергөөчүлөр Бишкек шаарындагы банктардын биринен Б.К.Н. аттуу жарандын банк картасы аркылуу Н.Д. өкүлү А.И. аттуу кишиден 70 миң сом алышкан. Ал эми 12-ноябрда тергөөчү Г.М.Ш. алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.