Бир эле дары 160 миң сомго кымбат сатылып келген. Өлкөдө дары-дармек арзандады

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүДары-дармектер. Архив
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Адам өмүрүнө маанилүү делген дарылардын баасы орто эсеп менен алганда 26 пайызга арзандады. Анын ичинен бир препарат мурда 160 миң сомго негизсиз кымбат сатылып келген.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги адам өмүрүнө маанилүү делген дары-дармектер арзандатылганын билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында агенттик тарабынан ыкчам түрдө 900 аталыштагы дарынын баасына экспресс-мониторинг жүргүзүлгөн.
Мониторинг жана анализдин жыйынтыгы боюнча коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу баалар ашыкча жогорулатылганы аныкталган жок. Бирок бир катар дары каражаттарынын чекене баалары Кыргызстандагыга салыштырмалуу алда канча арзан болгон.
Дары-дармектер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Ташиев айткан мафия: УКМК бир фармкомпаниянын жетекчисин кармады. Сүрөт
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги көйгөйлүү маселелерге токтолуп, ведомстволор аралык топтун ишин төмөнкү этаптарга бөлүштүрүүнү сунуштады:
Мамлекеттик регистрация (атайын тизме) талап кылынбаган 150 аталыштагы дарынын баасына (дүң, чекене) экономикалык анализ жүргүзүү;
Өкмөттүн токтому менен бекитилип, Улуттук тизмеге киргизилген адам өмүрүнө маанилүү 432 аталыштагы дарынын наркына экономикалык анализ жүргүзүү;
Жогоруда аталган тизмелерге киргизилбеген дары каражаттарына экономикалык анализдер бүткөндөн кийин иштеп чыгуу.
"УКМКнын аянтчасында фармацевтикалык компаниянын өкүлдөрү менен бир катар жыйындар өттү. Натыйжада бааны төмөндөтүү варианттары иштелип чыгып, оң жыйынтык берди. Мисалы, дарыканалар тармагынын бири адам өмүрүнө маанилүү 488 дарынын наркын арзандатты", — деп айтылат маалыматта.
Ал фармкомпанияда дары-дармек орто эсеп менен 26 пайызга арзандаган. Анын ичинде онкология терапиясы үчүн керектелген кымбат дарылардын баасы сезилээрлик деңгээлде төмөндөгөнү белгиленди. Мисалы, 10 аталыштагы дары 75,5 пайызга, төртөө 33, үчөө 55-73 пайызга арзандаган.
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Фарммафия: УКМК мурдагы министрдин тууганын кармады
Мындан сырткары, "Герцептин" (150мг д/ин № 1) препараты мурда 40 222 сомдон сатылса, азыр 19 000 сомдон болууда.
Ал эми "Перьета" (14мл 420мг фл.) 214 пайызга жогорулатылып сатылып жаткан, тагыраак айтканда, 235 254төн 74 881 сомго түшүрүлдү.
"Пегасис" (180мкг/0,5мл шприц-тюбик) дарысынын наркы 13 348ден 6 674 сомго төмөндөгөн.
Буга чейин УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Кыргызстанда фармакологиялык мафия бар экендигин айткан. Анын билдиргенине караганда, мафиянын аракетинен улам өлкөдө дарылар 3-10 эсе кымбат турат. УКМК мындай аракеттерге каршы күрөшүүгө киришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0