БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Дары-дармектердин баасын негизсиз жогорулатып, ошол эле учурда салык төлөбөй жүргөн деген шек менен өлкөдөгү фармкомпаниялардын биринин жетекчиси кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
![Дары-дармектердин баасын негизсиз жогорулатып, ошол эле учурда салык төлөбөй жүргөн деген шек менен өлкөдөгү фармкомпаниялардын биринин жетекчиси кармалды Дары-дармектердин баасын негизсиз жогорулатып, ошол эле учурда салык төлөбөй жүргөн деген шек менен өлкөдөгү фармкомпаниялардын биринин жетекчиси кармалды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/1b/1054034658_178:0:1707:961_600x0_80_0_0_be19679b9ebb6e19ed36c1ea608020df.jpg)
![Билдирүүгө ылайык, саламаттык сактоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында калкка ашыкча жогорулатылган баада дары-дармектерди сатууну көздөгөн импорттоочу фармацевтикалык компаниялар тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү тууралуу УКМКга маалымат түшкөн Билдирүүгө ылайык, саламаттык сактоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында калкка ашыкча жогорулатылган баада дары-дармектерди сатууну көздөгөн импорттоочу фармацевтикалык компаниялар тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү тууралуу УКМКга маалымат түшкөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/1b/1054034669_100:0:1609:949_600x0_80_0_0_c1a959eb883165bd6c8a85a8ee131307.jpg)
![Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында аталган компаниялардын офисинде жана кампасында тинтүү иштери жүргүзүлгөнү маалым болду Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында аталган компаниялардын офисинде жана кампасында тинтүү иштери жүргүзүлгөнү маалым болду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/1b/1054034664_350:0:1831:931_600x0_80_0_0_bb6a060fce872c3f68b80f9a8794153e.jpg)
![Анда экинчи бухгалтериясы бар экендиги тастыкталып, финансылык документтер алынган Анда экинчи бухгалтериясы бар экендиги тастыкталып, финансылык документтер алынган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/1b/1054034674_182:0:1651:923_600x0_80_0_0_33961e72b731a17a0b144f5563b11fc1.jpg)
![Мындан сырткары, иликтөөнүн жүрүшүндө бул компаниялардын саламаттык сактоо системасы аркылуу акчалай сый акы үчүн импорттолгон кымбат баалуу дары-дармектердин аналогдорун таратуу менен мыйзамсыз соода ыкмаларын жана адилетсиз атаандаштыкты колдонууга катышкандыгы боюнча далилдер алынган. Мындан сырткары, иликтөөнүн жүрүшүндө бул компаниялардын саламаттык сактоо системасы аркылуу акчалай сый акы үчүн импорттолгон кымбат баалуу дары-дармектердин аналогдорун таратуу менен мыйзамсыз соода ыкмаларын жана адилетсиз атаандаштыкты колдонууга катышкандыгы боюнча далилдер алынган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/1b/1054034684_138:0:1297:729_600x0_80_0_0_9e0e7d2fe750206a072d396cb967af13.jpg)
Билдирүүгө ылайык, саламаттык сактоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында калкка ашыкча жогорулатылган баада дары-дармектерди сатууну көздөгөн импорттоочу фармацевтикалык компаниялар тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү тууралуу УКМКга маалымат түшкөн.
Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында аталган компаниялардын офисинде жана кампасында тинтүү иштери жүргүзүлгөнү маалым болду. Анда экинчи бухгалтериясы бар экендиги тастыкталып, финансылык документтер алынган.
"Бул компаниялар тобу көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын колдоосу менен салыктан качуу үчүн импорттук дарылардын чыныгы наркын жашырып, бирок калкка сатууда спекуляция кылгандары аныкталды. Мыйзамсыз аракеттер өлкө бюджетине салык түшпөгөндүгүнө жана дары-дармектердин, анын ичинде өтө керектүү препараттардын баасынын негизсиз жогорулашына алып келет", — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада аталган ишканалардын жетекчилеринин бири А.В. аттуу жаран кармалып, Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") менен айыпталган. Анын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук соту тарабынан тандалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени айтылды.
Атайын кызмат учурда тергөө мамлекетке келтирилген зыяндын суммасын жана кылмышкерлердин чөйрөсүн аныктап жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандагы ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылганын билдирген.