Бетон жана айнектин креативи. 2021-жылдын архитектура кереметинин 10 сүрөтү
19:48 05.11.2021 (Жаңыртылды: 16:27 16.12.2021)
Жазылуу
Бүгүнкү күндө туристтерди эзелки тарыхый жайлардан сырткары адаттан тыш курулган жаңы имараттар да кызыктырат. Мындай курулуштарды Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүүгө болот.
Заманбап архитекторлор бири экинчисинен озуп, архитектурадагы түшүнүктөрдү таптакыр өзгөртүп укмуштуу долбоорлорду жаратууда.
Бүгүнкүнүн имараты ыңгайлуу бөлмө болуу менен катар мейкиндик, убакыт, ошондой эле курчап турган дүйнөдөгү адамзаттын ордун, мүмкүнчүлүгүн, муктаждыгын чагылдырып турат.
Имараттар учурда адамдын жашоосун жана аң-сезимин аныктаган идея аркылуу ишке ашырылган дүйнөнү кабылдоонун үлгүсү болуп калды. Айрым имараттарды маданий, коомдук, ал тургай, саясий символ катары кабыл алууга да болот.
© AFP / Pascal Guyot Франциянын Арле шаарындагы канадалык-америкалык архитектор Фрэнк Гери тарабынан долбоорлонгон Luma Arles маданий борбору. Имарат жалтыраган алюминий плиталары менен капталган. Luma фонду "чыгармачыл өндүрүш, демонстрация, изилдөө жана сактоо үчүн ачык кампуска" айландырылган мурдагы SNCF темир жол устаканасы болгон паркта жайгашкан.
Франциянын Арле шаарындагы канадалык-америкалык архитектор Фрэнк Гери тарабынан долбоорлонгон Luma Arles маданий борбору. Имарат жалтыраган алюминий плиталары менен капталган. Luma фонду "чыгармачыл өндүрүш, демонстрация, изилдөө жана сактоо үчүн ачык кампуска" айландырылган мурдагы SNCF темир жол устаканасы болгон паркта жайгашкан.
© AFP / Tolga AkmenЛондондун (Улуу Британия) борборундагы Гайд-парктагы серпантин павильону. Имарат түштүк африкалык архитектор жана Йоханнесбургдагы Counterspace архитектуралык студиясынын негиздөөчүсү Сумайя Валли тарабынан долбоорлонгон.
Лондондун (Улуу Британия) борборундагы Гайд-парктагы серпантин павильону. Имарат түштүк африкалык архитектор жана Йоханнесбургдагы Counterspace архитектуралык студиясынын негиздөөчүсү Сумайя Валли тарабынан долбоорлонгон.
© AFP / Yasser Al-Zayyat Кувейттин Улуттук банкынын башкы кеңсеси. Имараттын бийиктиги 300 метр, жалпы аянты 127 миң чарчы метрди түзөт.
Кувейттин Улуттук банкынын башкы кеңсеси. Имараттын бийиктиги 300 метр, жалпы аянты 127 миң чарчы метрди түзөт.
© AFP / Philip Fong Токиодогу (Япония) Васеда эл аралык адабият үйү. Имарат Харуки Мураками китепканасы катары да белгилүү. Долбоорду Васеда университетиндеги япон архитектору Кенго Кума ишке ашырган.
Токиодогу (Япония) Васеда эл аралык адабият үйү. Имарат Харуки Мураками китепканасы катары да белгилүү. Долбоорду Васеда университетиндеги япон архитектору Кенго Кума ишке ашырган.
© AFP / Rob Engelaar Нидерладда 3D-принтеринде басылып чыккан алгачкы бетон үй
Нидерладда 3D-принтеринде басылып чыккан алгачкы бетон үй
© AFP / Angela WeissАКШнын Нью-Йорк шаарынын Гудзон дарыясында калкып жүрүүчү "Кичинекей арал" паркынын көрүнүшү. Бул жаңы акысыз коомдук паркта мамыларга орнотулган 132 чоң бетон жоогазындарын "Кичинекей арал" көтөрүп турат.
АКШнын Нью-Йорк шаарынын Гудзон дарыясында калкып жүрүүчү "Кичинекей арал" паркынын көрүнүшү. Бул жаңы акысыз коомдук паркта мамыларга орнотулган 132 чоң бетон жоогазындарын "Кичинекей арал" көтөрүп турат.
© AFP / ANP / Robin Van LonkhuijsenРоттердамдын (Нидерланддар) музей паркындагы Boijmans Van Beuningen Депо. Бул музейдин толук коллекциясын көрүүгө мүмкүнчүлүк берген дүйнөдөгү көркөм искусствону сактоочу алгачкы жай.
Роттердамдын (Нидерланддар) музей паркындагы Boijmans Van Beuningen Депо. Бул музейдин толук коллекциясын көрүүгө мүмкүнчүлүк берген дүйнөдөгү көркөм искусствону сактоочу алгачкы жай.
CC BY-SA 4.0 / Short final / West 57th Street (cropped image)Нью-Йорктогу (АКШ) асман тиреген 111 West 57th Street имараты
Нью-Йорктогу (АКШ) асман тиреген 111 West 57th Street имараты
© Photo / Press Service of the Government of the Kemerovo RegionКемерово аэропортундагы жаңы терминал
Кемерово аэропортундагы жаңы терминал
© Depositphotos.com / Dubassy Бенидормадагы (Испания) 47 кабаттуу Intempo бийик имараты
10/10
© Depositphotos.com / Dubassy
Бенидормадагы (Испания) 47 кабаттуу Intempo бийик имараты