Акылбек Жапаров: жашыл экономиканы курууга Кыргызстанда шарт бар
18:03 05.11.2021 (Жаңыртылды: 15:52 03.06.2022)
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМеждународный Экономический форум "Европейский Союз - Центральная Азия"
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Жазылуу
Акылбек Жапаров форумдун чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзө турган Экономикалык форумдун катчылыгын түзүүнү сунуштаган жана аны Бишкекте жайгаштырууга Кыргызстан даяр экенин айткан.
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда климаттын глобалдуу өзгөрүшүнө байланыштуу актуалдуу болгон жашыл чөйрөнү калыбына келтирүү үчүн да, бүтүндөй жашыл экономиканы куруу үчүн да жагымдуу факторлор бар. Мындай билдирүүсүн министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров "Европа биримдиги – Борбор Азия" экономикалык форумунда айтты.
Өкмөттүн маалымат кызматы Жапаров Бишкекте өтүп жаткан эл аралык иш-чарага катышып, анда сөз сүйлөгөнүн билдирди.
Министрлер кабинетинин жетекчиси форумда актуалдуу делген бир нече маселеге токтолгон.
Пандемиядан кийинки мезгилде дүйнөлүк өкмөттөр өсүштү стимулдаштырууга, келтирилген зыяндын ордун толтурууга, кайра курууга жана жумуш орундарын түзүүгө ниеттенүүдө.
Жапаров мында бир катар маанилүү суроолор ачык коюлуп жатканын, мисалы, экономика калыбына келгенден кийин кандай болот, өнөр жай ишканалары үчүн жагымдуу болобу же айлана-чөйрөгө басым жасалабы деген суроолор жараларын айтты.
Жашыл экономика, санариптештирүү жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу сыяктуу тенденциялар боюнча тематикалык сессияларды камтыган форумдун күн тартиби замандын талаптарына жооп берерин белгилеген.
"Кыргызстанда бул маанилүү багыттарды принципиалдуу түрдө биз кандай түшүнөбүз? Негизги аспектилерин кыскача бөлүп көрсөтүүгө аракет кылам, — деди Жапаров.
Төмөндө министрлер кабинетинин төрагасынын айткандарын тизмектейбиз:
Кыргызстанда чоң жана орто 252 дарыянын гидроэнергетикалык потенциалы 18,5 миллион кВт саатка бааланган. 140 миллиард кВт сааттан ашык электр энергиясы, бүгүнкү күндө анын 10 пайызга жакыны өздөштүрүлгөн. Бул көрсөткүч боюнча республика КМШ өлкөлөрүнүн арасында 3-орунду ээлейт. Ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалын белгилегим келет, ал жылына 840,2 миллион тонна отун эквивалентине бааланат;
2019-2023-жылдарга Климаттык инвестициялык программаны жана Жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын ишке ашырып жатабыз. Бул багытта ишибизди чечкиндүү улантууга ниеттенүүдөбүз. Бул жагынан алганда жашыл чөйрөнү калыбына келтирүү максаттарына жетүү үчүн Европа мамлекеттеринин тажрыйбасы жана технологиялары биз үчүн абдан маанилүү. Жалпысынан алганда климаттын өзгөрүшү жана анын кесепеттери менен байланышкан көйгөйлөр биз үчүн алыскы келечек эмес;
Жыл сайын дүйнөнүн көп жерлеринде кургакчылык, суу ташкын, сел, жер көчкү, өрт сыяктуу ар кандай табигый кырсыктар көп катталат. Өзгөчө кырдаалдар биздин өлкөнү да айланып өтпөйт. Мөңгүлөрдүн абалы тууралуу эске салгым келет. Учурдагы глобалдуу жылуулук, мөңгүлөрдүн режиминде абанын температурасынын жогорулашы жана кандайдыр бир деңгээлде өнөр жайдын таасири акыркы 30 жылдын ичинде ири мөңгүлөрдүн аянтынын кыйла кыскарышына алып келди.
Жапаров дүйнөнүн келечегин санариптештирүүсүз элестетүү мүмкүн эместигине токтолгон.
"Маалыматтык-коммуникациялык инфраструктураны түзүүнү биз улуттук экономиканы калыбына келтирүүнүн, санариптик экономиканы өнүктүрүүнүн, бизнестин жана интеллектуалдык активдүүлүктүн өсүшүнүн маанилүү фактору катары эсептейбиз. Санариптештирүү аркылуу биз мамлекеттик органдардагы бюрократияны жана коррупцияны кыскартууга, өлкөнүн калкына көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөтүүгө, төлөм системаларын жана товарларды жеткирүү чөйрөсүн модернизациялоого жетишебиз деп үмүттөнөбүз", — деген ал.
Ишкердик чөйрөнү жакшыртуу маселеси тууралуу да кеп кылганы айтылды.
Жапаров "Европа биримдиги – Борбор Азия" форуму заманбап чакырыктар алдында күч-аракеттерди бириктирүү максатындагы экономикалык өз ара алакада дайыма иш алып баруучу платформа катары кызмат кыла алат деген пикирин билдирген.
Андан сырткары, форумду жыл сайын ротациялык негизде Борбор Азия өлкөлөрүнүн борборлорунда жана Брюсселде өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштаган.
"Ушуга байланыштуу Борбордук Азиянын жана ЕБдин ар кайсы өлкөлөрүндө жыл сайын экономикалык форумду даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле форумдун чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү функцияларын аткара турган Экономикалык форумдун катчылыгын түзүүнү сунуш кылгым келет. Өз кезегинде биз катчылыкты Бишкекте жайгаштырууга даярбыз", — деген министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров.
Аталган форумга президент Садыр Жапаров да катышып, бир нече маселени көтөргөн.