Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Рысбекова: адам кирешесин так айта алат, чыгашасы канча экенин билбейт

© Sputnik / Асель СыдыковаТренер по финансовой грамотности, психолог Алтын Рысбекова
Тренер по финансовой грамотности, психолог Алтын Рысбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Жазылуу
Финансылык сабаттуулук боюнча тренер-коуч, психолог Алтын Рысбекова финансылык коопсуздук үчүн тапкан каражаттын 10 пайызын сакташ керектигин айтты.
Финансылык сабаттуулук — бул акчаны туура бөлүштүрүү, башкара билүү. Кирешелерине жана чыгашаларга эсеп жүргүзүп, аларды туура колдонуп жана финансылык жоготууларга даяр болуу жөндөмдүүлүгү десек болот. Бул тууралуу Алтын Рысбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Рысбекова: адам кирешесин так айта алат, чыгашасы канча экенин билбейт
Анын айтымында, адам каражат жактан көз карандысыз болушу үчүн финансылык сабаттуулук боюнча китептерди окуп, биринчи кезекте мээни байытышы керек.
"Биздин эл ала элек айлыгын эрте эле бөлүштүрүп, ар кайсы нерсеге коротуп жиберет. Шаардыктар айлык алганда берем десе, айылдыктар күздө мал түшкөндө эсептешерин айтышат. Учурда көпчүлүк кирешесин так айта алат, ал эми чыгашасы канча экенин билбейт. Бул жерде эң негизгиси тапкан акчаңан коротконуң ашып түшпөш керек. Финансылык жактан сабаттуу болом десеңиз кирешени жана чыгашаны туура анализдеңиз. Чыгашалардын санын мүмкүн болушунча кыскартууга аракет кылуу зарыл. Кирешени жана чыгашаны жазып турган оң. Мисалы, үч ай акчаны каякка жумшаганыңызды жазсаңыз дароо керексиз чыгымдар белгилүү болуп калат. Ошентип алган айлыктан ашырып калып, кийинки чоң максаттарга чогултуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Ашыкча каражат бул "финансылык жаздык" деп аталат. Адатта бул жарым жылга жеткидей болушу керек. Жашоодо ар кандай абал болуп калышы ыктымал. Мисалы, кокусунан 2020-жылдагыдай пандемия башталып же жумушсуз калсаңыз, кийинки киреше тапканга чейин жашап турууга каражатыңыз болот. Эгер финансылык сабаттуулукту жоюп, каражат чогулта алган болсоң, кийинки баскыч аны көбөйтүү. Эң жакшысы банкка салып же болбосо бизнеске жумшаса болот", — деди Рысбекова.
Адис насыяны той өткөрүп, унаа же башка оокат алыш үчүн эмес, ал каражатты иштетиш үчүн алуу керектигин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0