Кыргызстандыктар ноябрда төрт күн эс алат

© Sputnik / Табылды КадырбековСейилдеп жүргөн адамдар. Архив
Сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Кыргызстанда 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү. Быйыл майрам күндөрдүн бири эс алуу күнүнө туура келгендиктен, анын орду иш күнгө жылды.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Ноябрь айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги билдирди.
Быйыл 7-ноябрь жекшемби күнгө туура келгендиктен дем алыш күн шейшемби, 9-ноябрга, жылдырылат.
2017-жылдан бери 7-8-ноябрь – Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келет.
Мындан сырткары, 7-ноябрда Кыргызстандын ЖМКлары Маалымат жана басма сөз күнүн майрамдашат.
Жаңылыктар түрмөгү
0